Ал тапта өлкөдө алдамчылардын тузагына түшүп, акчага күйгөндөр көбөйүп, укук коргоо органдарынын ишине сын күчөп жатат.
Үч жыл мурун кибер кылмыштарга каршы атайын башкарма түзүлгөнү менен абал оңдолбогону айтылат
3-февралда Qalampir басылмасы социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып, 15 миллиондон ашуун адамдын жеке маалыматтары уурдалган болушу мүмкүн экенин жазды.
Киберкоопсуздук борбору жагдай иликтенип жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирди. Азырынча аны ким жана кандай ыкма менен уурдаганы белгисиз.
“Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисттери ачыкка чыгып кеткен маалыматтарда адамдардын аты-жөнү, дареги, телефон номери, банктан алган кредиттери, анын канчасын төлөгөнү жана башка мүлктөрү тууралуу билдирүүлөр бар экенин аныкташты. Айрымдары менен ошол жерде көрсөтүлгөн телефон номерлери аркылуу байланышканыбызда, маалыматтардын чын экенин тастыкташты.
“Мен да бул тууралуу бүгүн уктум. Райондук ички иштер бөлүмүнө барып, арыз жазып келдим”, – деди Кашкадарыядан Санжар аттуу жаран.
Көңүл бурчу дагы бир жагдай, жеке маалыматтары уурдалган жарандардын арасында укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер да бар.
Жеке маалыматтарга паспорт сериясы, банк реквизиттери жана телефон номерлери кирет. Алар алдамчылыкка, акча уурдоого, мыйзамсыз насыя алууга же коркутууга колдонулушу мүмкүн.
Dark Web – интернеттин кадимки браузерлер аркылуу кирүүгө мүмкүн болбогон, көбүнчө мыйзамсыз иштер үчүн колдонулган жашыруун бөлүгү.
Бул окуя социалдык желеде талкууланып, коопсуздук, кибер кылмыштарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу тууралуу суроолорду күчөттү.
Коомдук активист Зафар Салижанов Телеграмга мындай деп жазды:
“Бир ишти жасоодон мурда анын коопсуздугун камсыз кылуу керек (эл каттоо жана башка). 21-кылымда жашап жатабыз. Эмне үчүн баарынын эсебин албагансыңар? Же долбоорго бөлүнгөн каражат жетишсиз болгонбу? Же жетиштүү болсо да акча бөлүштүрүлгөнбү? Мындайда мамлекетке кантип ишенишибиз керек? Эмне үчүн жеке маалыматтарыбызды ага беришибиз керек? Эмне үчүн иштер күчтүү адистерге тапшырылбаган? Урматтуу президент, бул ишке жооптуу бардык адамдардын саясий жоопкерчилигин карап көрүшүңүздү сурайм. Абдан жаман иштер болуп жатат”.
Интернеттеги талкуулардан кийин Ички иштер министрлиги мындай билдирүү жасады.
“Ички иштер органдарынын карамагындагы бардык маалымат системаларынын коопсуздугу толук камсыздалган. Андагы жеке маалыматтардын кол тийбестиги сакталган жана тышкы булактар аркылуу кирүү жүзөгө ашырылган эмес”,- деп жазылган расмий кабарда.
Кийинчерээк өкмөттөгү булактар бул чекилик id.gov.uz платформасандагы техникалык катачылыктын кесепети экенин билдирди. Бирок бул маалыматты азырынча расмий булактар бышыктай элек.
Иллюстрациялык сүрөт
Жеке маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши Өзбекстанда каржылык алдамчылыктын курмандыктары көбөйүп, кибер кылмыштарга каршы күрөш башкармасынын иши сынга алынган учурга туш келди.
Президент Шавкат Мирзиёев 27-январда өткөн жыйында тиешелүү мекеме жетекчилерин сындаган:
“Үч жыл мурун Ички иштер министрлигинин алдында түзүлгөн Кибер кылмыштарга каршы күрөш башкармасынын иши али көрүнбөй жатат. Мисалы, өткөн жылы борбор калаада кибер кылмыштардын саны 16 миңден ашып, жарандар дээрлик 2 триллион сум материалдык зыян көрүштү. Андай кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчү 8 пайызга да жетпей жатат. Алданган адамдар бизден ыраазыбы? Мамлекетке ыраазыбы? Албетте, нааразы! Кылмышкерлер банк системасындагы боштуктарды, элдин баёолугун жана технологиялык билиминин жетишсиздигин пайдаланып жатышат. Бирок коргоо системасы элге эмне сунуштай алды? “Эй адамдар, этият болгула, көзүңөрдү ачкыла” деп күн сайын социалдык тармактарга, телеберүүгө, гезиттерге кандай сунуштарды берип жатабыз? Ички иштер жана прокуратурага бул багыттагы бардык маселени чечип бергем. Натыйжа кайда? Банк жана төлөм уюмдарында коргоо системаларын киргизүү качан аяктайт? Натыйжа кана?” – деген Мирзиёев.
Өзбекстанда Ички иштер министрлигинин курамында Кибер кылмыштарга каршы күрөш башкармасы 2022-жылы түзүлгөн. Расмий статистикага ылайык, ошол убакыттан бери өлкөдө каржылык алдамчылыктардын саны да көбөйгөн.
Киберкоопсуздук борбору алдамчыларга каршы күрөш күчөгөнүн, ошондуктан кылмыштар статистикасы өсүп жатканын жана айрым топтор кармалганын такай билдирип келет. Адистер болсо курмандыктардын көбөйүшүн калктын каржылык жана укуктук сабаттуулугунун төмөндүгү менен түшүндүрүшөт.
Министрлик 2025-жылдын ноябрында кибер кылмыштар Өзбекстанда катталган жалпы кылмыштардын дээрлик жарымын, тактап айтканда 44 пайыздан көбүн түзөрүн билдирген. Көз боёмочуларга алданып калгандардын саны өткөн жылы 60 миңден ашкан.
Иллюстрациялык сүрөт.
Белгилүү иликтөөчү журналист Андрей Сошниковдун пикиринде, жеке маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши жарандар үчүн чоң коркунуч жаратат жана бул жагдайда мамлекеттин жоопкерчилиги өзгөчө мааниге ээ:
"Айрыкча каржылык коркунуч чоң, анткени жаман ниеттеги адамдар маалыматтарды колго топтоп, аларды кылдат изилдеп, кошумча маалыматтар менен байытышат. Бул үчүн биринчи кезекте мамлекет жоопкер, себеби өкмөт чоң көлөмдө маалыматтарды топтойт. Бул жерде чоң маалыматтык теңсиздик да бар: өкмөт жарандар жөнүндө абдан көп нерсени билет, жарандар болсо мамлекет же өлкөнү башкарган топтор жөнүндө абдан аз билишет. Мамлекет маалыматтарды топтогон соң, аларды коргоо милдетин да өз мойнуна алат. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, Борбор Азияда да, Орусияда да, Батышта да мамлекет канчалык көп маалымат топтосо, алардын акыры сыртка чыгып кетүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот".
"Азаттыктын" өзбек кызматынын журналисттери маектешкен жарандардын арасында алдамчыларга 400 миң АКШ долларынан көп акчасын алдырып жибергендер да бар.
Адам укугун коргогон адистер маселеге башка өңүттөн карап, бул багытта банктардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгилешүүдө.
Францияда иш алып барган Борбор Азиядагы адам укуктары уюмунун жетекчиси Надежда Атаева кардарлар насыя берүү же каражаттын карталардан чыгарылышы тууралуу өз убагында кабардар болушу шарт экенин айтат. Бирок банктар бул милдетти так аткарбагандыктан, жарандар алдамчылардын тузагына түшүп жатышканын белгилейт:
“Биздин уюмга Өзбекстандын жарандарынан кибер кылмыш жана онлайн алдамчылыктын курмандыгы болгону тууралуу кайрылуулар улам көбөйүүдө. Өзбекстанда мындай тажрыйба калыптанып калды: алдамчылар жарандарга мобилдик телефон аркылуу чалып, өзүн банк кызматкери деп тааныштырат. Алар ошол адамдын жеке маалыматтарын айтып беришет. Көпчүлүк жарандар өзү тууралуу чыныгы маалыматты уккандан кийин, чындап эле банктан чалып жатат деп ишенип калат. Бир нече күндөн кийин анын атына онлайн кредит алынганы билинет. Биздин талдоолор көрсөткөндөй, мындай учурларда маселе жабырлануучулардын каржылык сабаттуулугунда эмес, банктардын онлайн кредит тажрыбайсындагы системалык көйгөйлөрдө”.
Өзбекстанда 2019-жылы кабыл алынган “Жеке маалыматтар жөнүндө” мыйзам жарандардын маалыматтарын чогултуу, кайра иштетүү жана сактоону тартипке салат. Ага ылайык, интернет платформалары маалыматтарды Өзбекстандагы серверлерде сактоого милдеттүү. Бул талапты бузгандыгы үчүн TikTok, Twitter жана “ВКонтакте” сыяктуу тармактар бөгөттөлгөн, кийин айрымдарынан чектөө кайра алынган. TikTok азыркыга чейин бөгөттө турат. “Жеке маалыматтар жөнүндө” мыйзамга бардык уюмдар, анын ичинде банктар да баш ийиши керек.
Кибер кылмыштар дүйнөдө да глобалдык көйгөйгө айланган. Санариптик экономика жана онлайн кызматтардын кеңейиши менен жеке маалыматтардын уурдалышы, каржылык алдамчылык жана криптовалютага байланышкан көз боёмочулактар өбөйдү. Айрыкча, орусиялык хакерлер эл аралык деңгээлде кибер чабуулдарды жасаганы тууралуу маалыматтар арбын.
Көп өлкөлөрдө банк тиркемелеринде жана онлайн кызматтарда эки баскычтуу аутентификация киргизилген. Ошондой эле биометрикалык текшерүү – бетти таануу же манжа изи аркылуу кирүү ыкмасы колдонулат.