Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаа кезеги 20 чакырымга жеткени айтылды

"Ак-Тилек" чек ара бекетинде кезек күткөн унаалар. 4-февраль, 2026-жыл.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги уланууда. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, 4-февраль күнү “Ак-Тилек” чек ара бекетинин жанында унаалардын кезеги жылбай турат.

Айдоочулар кабарчыга кезек болжол менен 20 чакырымдан ашып, Кант шаары тарапка жетип калганын айтышты. Алардын сөзүнө караганда, күнүнө 10-20 гана машина өтүп жатат.

Айрымдары кезегин 4-5 күндөн бери күтүп турушканын, жер-жемиш салынган унаалар көпкө күтө албасын, жүктү убагынан кечиктирсе айып пул салынарын айтып беришкен. Ошондой эле кезекте турган учурда күнүнө 50-60 литрдей күйүүчү май, тамак-ашына миң сомдон короп жатканын кошумчалашкан.

Чек арадагы узун кезек тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымат берип, кыргыз тараптан өтүүдө маселе жоктугун билдирген.

Айдоочулардын кезек ондогон чакырымга жетип калганы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу мекеме комментарий бере элек.

3-февралда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) расмий баракчасы кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүсү боюнча маалымат таратып, казак өкмөтү Кыргызстандан жүк мыйзамсыз өткөн учурлар бар экенин, текшерүү атайын белгиленген убакта аяктай турганын билдиргенин кабарлаган.

Казак тараптын билдирүүсү боюнча Кыргызстандын Министрлер кабинети комментарий бере элек.

Былтыр сентябрда Кыргызстан Казакстандан мыйзамсыз ташылып келаткан 44 тонна сабиз менен кызылчаны артка кайтарганын билдирген. Алардын айыл чарба азыктарында тиешелүү фитосанитардык сертификаты жок экени такталган.

Анын алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кызмат адамдары "ортомчулар" менен сүйлөшүп, жалган документтерди колдонуу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схема түзүшкөнү аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу бир катар мамлекеттик мекемелердин 20дан ашуун кызматкери кармалып, камалган.(ZhK/ZKo)

Дагы караңыз

ЕАЭБ: Кыргызстан айрым жеңилдик алды, кезек менен тоскоолдук калды Автомектептер: Эки жетекчиге иш козголду, Жапаров реформага каршы чыкпоого чакырды Автомектептер маселеси: Депутаттар президенттин популизм тууралуу сынына жооп беришти Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинин башчысы коррупцияга шектелип кармалды