Кыргызстанда жатак абактар жоюлат

№32 жатак абагы. Новопавловка, Чүй. (архив)

Кыргызстанда жатак абактарды толук жоюу боюнча чечим кабыл алынганын Юстиция министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, жатак абактарын жабуу чечимдери этап-этабы менен кабыл алынган. 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин мындай колониялардын биринчи тобу жабылган.

28-январь күнү жатак абактардын экинчи тобун – № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды.

Маалыматта жатак абактардын жоюлушу мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу алкагында жүрүп жаткан реформанын бир бөлүгү экени, ал пробацияны кайталабай турганы белгиленген. Ошондой эле жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктары толук сакталары айтылган.

2025-жылдын 31-июлунда кабыл алынган мыйзамга ылайык, жатак абактар Жаза аткаруу кодексинен да чыгарылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Кыргызстан АКШ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирдиАвтомектеп маселеси: Маматалиев аткаруу бийлигине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды Автомектептер маселеси: Депутаттар президенттин популизм тууралуу сынына жооп беришти Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаа кезеги 20 чакырымга жеткени айтылды Орусиянын соккусунан Запорожьеде эки адам мерт кетти, ондон ашуун адам жараат алды