Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт

6-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндуз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндуз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 5…7° жылуу болот.

Дагы караңыз

Парламентте МИК курган батирлердин баасы тууралуу маалымат берилдиКурулуш министрлиги "Эмакомдун" бүтпөгөн объектилери боюнча чечим кабыл алынарын билдирдиHRW: 2025-жылы Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөдүБишкекте 20 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалдыДанияр Амангелдиев кымбатчылыкты жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирди"Күйөөм абакта, карызды мен төлөдүм". Алимент бербеген жаран соттолду