Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Курулуш министрлиги "Эмакомдун" бүтпөгөн объектилери боюнча чечим кабыл алынарын билдирди

"Эмаком" компаниясынын курулушу бүтпөй турган обьектилеринин бири. Архив сүрөт. 2023-жылы тартылган.
"Эмаком" компаниясынын курулушу бүтпөй турган обьектилеринин бири. Архив сүрөт. 2023-жылы тартылган.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Эмаком” курулуш компаниясынын тегерегиндеги соңку кырдаал тууралуу маалымат берди. 5-февралда Жогорку Кеңеште “өкмөттүк саат” учурунда ал компания “банкрот болгонун жана баштаган объектилерин бүтүргөнгө акчасы жоктугун” билдирди.

“Компаниянын Ош жана Бишкек шаарларында көптөгөн объектилери көйгөй жаратып келет. Жарымы бүткөн, жарымы бүтпөгөн, бүтсө дагы эксплуатацияга берилбеген объектилер. Биз былтыртан баштап курулушу бүтүп, кардарлар кирип жашап жаткан объектилерди эксплуатацияга берүү боюнча иш алып барып жатабыз. Компаниянын бир канча үйүн колдонууга берип, маселесин жаптык. Ал эми курулуп келатып токтоп калгандары боюнча да президентибиз тарабынан тапшырмалар коюлган. Булар боюнча жакын арада чечим кабыл алабыз”, - деди Орунтаев.

Министр жарандарды батир алууда курулуш компанияларын дыкат териштирип, каражаты жок компаниялардан үй албоого чакырды.

“Эмаком” компаниясынын тегерегиндеги маселе соңку 3-4 жылдан бери көтөрүлүп келет. 2024-жылы сентябрда Бишкек шаардык милициясы компаниянын мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмилбек Жусуповду кармаган. Буга компаниянын кардарларынын укук коргоо органдарына кайрылуусу себеп болгон.

Милициянын маалыматына караганда, компания үлүшчүлөргө жалпы 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Жусупов 2021-жылы парламентке “Ишеним” партиясы менен шайланып, быйыл апрелде өз арызы менен мандатын тапшырган.

2023-жылы ноябрь айында Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG