Астананын тергөө соту 4-февралда активист Ермек Нарымбайды эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.
Ал соттун өкүмүн аткарбады (Кылмыш кодексинин 430-беренеси) деген негизде айыпталып жатканын адвокат Василий Садыков билдирди.
«Ермек Нарымбай 1-февралда кыздары жана неберелери менен көрүшүү үчүн Алматыдан Бишкекке учуп барган. 3-февралда түнкү саат 12де аны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин полковниги жана подполковниги кармап кеткен. Аны кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекетине алып барышып, казак тарапка өткөрүп беришкен. Кордайдан Караганда аркылуу Астанага жеткиришкен. 4-февралда Астанада суракка алышкан. Түнкү саат 1ге чейин биз сотто отурдук. Эки айга камалды».
Адвокаттын айтымында, жол жүргөн Нарымбайга тамактанууга, эс алууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Жактоочу иштин материалдарын жайылтпоо тууралуу кагазга кол коюп бергендиктен, мындан башка маалымат бере албай турганын кошумчалады.
54 жаштагы Ермек Нарымбай камалганга чейин Фейсбукта Казакстандын Конституциясынын өткөн аптада талкууга коюлган жаңы долбоору тууралуу пикирин жазган. Полиция бул билдирүүлөр "интернетте байкоо жүргүзүү маалында көңүлгө түшкөнүн" маалымдоодо.
Нарымбай 2023-жылы эле абактан чыккан. Ага коомдук-саясий ишмердик менен алектенүү, коомдук-экономикалык маселелерди көтөрүүгө тыюу салынган. Полиция менен сот ушул чектөөлөрдүн негизинде активист өкүмдүн шарттарын бузду деп эсептеп жатат.
Ермек Нарымбай 2016-жылы Фейсбукта башканын китебинин үзүндүсүн жарыялаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган. Ал кезде ага «кастыкты козуткан» деген кине коюлган, активист өзү жана тарапташтары иштин саясий өңүтү бар экенин билдиришкен. Кийинчерээк Нарымбайдын өкүмү жумшарып, пробация менен бошотулган. Бирок өзүнүн дарегине коркутуулар болуп жатат деген жүйө менен Казакстандан Украинага качып кеткен.
2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салардын алдында ал Казакстанга кайтып келген. Алматыга келери менен ал пробациялык көзөмөлдүн талаптарын бузган деген айып менен кайра камалган, абактан 1 жыл 5 айдан кийин чыккан.