Бириккен Араб Эмираттарынын баш калаасында Украина, Орусия жана АКШнын катышуусунда өтүп жаткан үч тараптуу жолугушууда сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү башталды. Бул тууралуу украин делегациясын жетектеп жаткан Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Рустем Умеров билдирди.
"Кечээки форматта иштеп жатабыз. Үч тараптуу кеңешүүлөр, жумушчу топтордогу талкуулар жана андан кийин позицияларды шайкеш келтирүү сыяктуу иштер жүрүүдө. Жыйынтыктар кийинчерээк жарыяланат", - деп жазды ал Telegram каналына.
Сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын ТАСС агенттиги дагы өз булагына таянып жазды. Анын айтымында, экономикалык маселелер, аймактар жана ок атууну токтотуу механизми талкууланууда.
Кремлдин башкы өкүлү Кирилл Дмитриев 5-февралда жолугушууларда "илгерилөө" жана оң өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Ал эми Умеров талкуулардын биринчи күнү "маанилүү жана жемиштүү өткөнүн, так кадамдарга жана практикалык чечимдерге көңүл бурулганын" айткан эле.
Абу-Дабиде үч тараптуу форматтагы сүйлөшүүлөр экинчи жолу өтүп жатат. Биринчи айлампасы 23–24-январда болгон.
Орус делегациясын ГРУнун башчысы Игорь Костюков, украин делегациясын Рустем Умеров, ал эми америкалык делегацияны АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жетектеп барган.