Украина согушта 55 миң жоокерин жоготту
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Абу-Дабиде Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр болду. АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушуунун экинчи айлампасы «жемиштүү» болгонун айтты. Расмий маалыматка караганда, 314 согуш туткунун айырбаштоо тууралуу макулдашылды. Дипломатиялык аракеттерге карабай орус армиясы Киевди жана Украинанын жер-жерин аткылоону улунтып жатат. Шаршембиде украин президенти Владимир Зеленский согуш 55 миң украиналык жоокердин өмүрүн алганын билдирди.