Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылы өлкөдө жумушсуздардын саны 22% кыскарганын билдирди. Бул тууралуу министрдин орун басары Камчыбек Досматов мекеменин жыйынында маалымат берди.
Былтыр иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын каттоосунда 56,5 миң жумушсуз жаран турган. Бул 2024-жылдагыдан (70,6 миң киши) 20% аз. Алардын ичинен расмий жумушсуз макамы болгондор 38,1 миң кишини түзүп, мурдагы жылдагыдан 22% азайган.
“Ишке орношкон жарандардын саны 17,5 миң адамды түздү, ал эми активдүү программалардын катышуучуларынын саны 19,8 миң адам. Өзгөчө көңүл жаштардын кесиптик көндүмүн жогорулатууга жана аларды иш менен камсыз кылууга багытталган “Жаштар стажировкасы” долбооруна бурулду. Долбоордун алкагында (2024–2025-жылдары) 30 пилоттук район жана шаарда стажировкадан өтүп жаткан катышуучуларга ай сайын эмгек акы төлөнүп, жалпысынан 3 миң жаш жаран камтылды”, - деп жазылган маалыматта.
Былтыр бул стажировкадан 1851 киши өтүп, алардын 1332си бир канча кесип боюнча эмгектенип жатканы айтылды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылы Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз экенин, анын ичинен 50 миң 900ү жумушсуз катары расмий каттоодо турганын билдирген.