Чүй облустук милициясы эки автомектептин директору жана ортомчулук кылган бир жаран документ жасалмалоого шектелип кармалганын билдирди. Органдын маалыматына караганда, автомектеп жетекчилери ортомчу И.Т. жана башка жарандар аркылуу чет өлкөдө жүргөндөргө айдоочулукка окуганы тууралуу жасалма документтерди даярдап жүрүшкөн. Бул үчүн бир кишиден 40 миңден 120 миң сомго чейин акча алып турушканы жазылган.
“Акча каражаттары алынгандан кийин кылмышка шектүүлөр жарандарды мамлекеттик порталга жасалма түрдө каттап, жол кыймылынын эрежелерин теориялык окуудан жана практикалык айдоодон өтпөстөн унаа мектебин бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк беришкен. Бул, өз кезегинде, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Жыйынтыгында, бир гана ортомчу аркылуу 244 угарман авто мектептерине мыйзамсыз кабыл алынып, алардан жалпы 2 760 850 сом өлчөмүндө акча каражаты алынганы аныкталды”, - деп жазылган маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, үч киши милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тинтүү учурунда алардан айдоочуларды окутууну каттоо боюнча 200 журнал, автомектепти бүтүргөндүгү тууралуу 160 күбөлүк, 264 ар кандай документ, сегиз электрондук маалымат сактагыч, ошондой эле 40 даана ок-дарысы бар бир даана аңчылык мылтык алынган.
ИИМ 2-февралда ушул эле берене менен козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы бир менчик автомектептин жетекчиси кармалганын билдирген.
Соңку учурда Кыргызстанда айдоочулардын жол эрежесин билүүсү жана талаптарды сакташы боюнча талкуу күчөдү.
Президенттин Иш башкармалыгы менчик автомектептерди жоюп, айдоочуларды даярдоо мамлекеттик мекемелерде гана жүрөрүн, окутуу мөөнөтү 10 айга созуларын билдирген.
Менчик автомектептердин ээлери ишинин токтоп калганына нааразылыгын билдирип, 27-январда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна нааразылыгын билдиришкен.
Алар менен чогуу жүргөн "Айдоочуларды даярдоо борбору” менчик автомектебинин жетекчиси Тагайбек уулу Медербек кармалып, бир айга камакка алынган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү менен (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) кылмыш ишин козгогон.
Шерине