Былтыр ноябрда өткөн парламенттик шайлоо учурунда №13 округда добушканаларга камералардын орнотулушу боюнча козголгон кылмыш иши кыскарганы кабарланды. Бул тууралуу эркин журналист Эламан Карымшаковдун Youtube каналындагы көрсөтүүдө Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев билдирди.
“Укук коргоо органдары текшерген. Ошол факты боюнча кылмыш иши кыскарган”, - деп ал учкай жооп берген.
Журналист андан кеңири түшүндүрмө сураганда ал жооп берүүдөн баш тарткан.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кылмыш ишинин жагдайы боюнча тактап, маалымат бермей болду.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан.
Кайра шайлоо 1-мартта өтөт. Үгүт иштери 9-февралда башталып, 28-февралда аяктайт.
Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштап, ушул тапта парламентте 87 депутат бар.
Шерине