Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстандагы мыйзамсыз деп айтылып келген, мындан улам курулушу токтоп калганы айтылган үйлөр боюнча "Азаттыкка" маалымат берди.
Министр соңку эки жыл ичинде өлкөдөгү курулуштардын баары текшерилип, жыйынтыгында 200дөн ашык көп кабаттуу үй курулуштагы талаптарга жооп бербегендиктен мыйзамсыз деп табылганын билдирди. Азыркы тапта бул тизмедеги 150 объект аталган министрлик аркылуу мыйзамдаштырылып, документи берилди.
"Соңку бир жылда 150 курулушту легалдаштырып, мыйзамдуу жолго койдук. Алардын көпчүлүгү жарым-жартылай бүтпөй калган. Министрлик ошол объектилерден үй алгандардын жана айрым компаниялардын күчү менен мурдагы жетекчилерин таап, алар менен байланыш түздүк. Тынбаган иш аткарылды. Азыр 50гө жакын объект калып атат, алардын арасында "Эмаком", "Дөөлөт Курулуш" жана Оштогу "Визион" компаниялары да бар. Булар боюнча да иш токтобойт, буюрса 2026-жылдын аягына чейин чечебиз. Бардык маселелер мыйзам чегинде чечилиши керек", - деди Орунтаев.
Мыйзамсыз экени айтылган 200 объекттин 17си Ош облусуна туура келет. Учурда анын жетөө документтештирилди. Бул деген аймактагы 796 батир ээси мүлкүн мыйзамдаштырып алды дегенди билдирет.
Министрликтин маалыматында, мыйзамсыз курулуштар 2017-жылдан 2021-2022-жылга чейин күч алып, маселе жарала баштаган.
Мындай объекттердин басымдуу бөлүгүндө тийиштүү уруксат кагаздары жок, жери талаш жараткан, керектүү экспертиза жана текшерүү убагында өткөрүлгөн эмес.
Мындан улам мекеме 2025-жылы 5 курулуш компаниясы боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Алардын арасында "Раян Билдинг" дагы бар.
Мыйзамсыз курулуш маселеси өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында көтөрүлүп, мындай көп кабаттуу үйлөрдөн батир алууга үлүшчү болуп киргендер иш ордунан жылбай, үйлөр эксплуатацияга берилбегенине нааразы болуп келишет. Алар бийликке да кайрылып, чара көрүүнү суранышат. (KS)