Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

АКШ–Иран: Чыңалуу күчөгөн шарттагы сүйлөшүүлөр

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи. Оман, 6-февраль 2026-жыл
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи. Оман, 6-февраль 2026-жыл

Омандын борборунда 6-февралда АКШ жана Ирандын өкүлдөрү жолугушту. Делегацияларды Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи баштап барышты. Жолугушууга сүйлөшүүгө арачы түшүп келаткан Омандын жогорку өкүлдөрү да катышты.

Иран АКШ менен Оманда болгон сүйлөшүүлөр жакшы башталыш болуп бергенин билдирди.

“Бул сүйлөшүүлөр жакшы башталыш болуп берди. Аны улантуу зарыл деген орток пикир бар. Мындан аркы аракеттердин координациясы борбор шаарларда чечилет”, - деп билдирди Ирандын мамлекеттик телеканалына берген интервьюда тышкы иштер министри Аббас Аракчи.

Ал тикелей эмес, арачылар аркылуу жүргөн жолугушууда Тегерандын атомдук программасы боюнча маселелер талкууланганын айтып, башка деталдарына токтолгон жок.

Стив Уиткофф жетектеген америкалык делегация же башка расмий өкүлдөр Маскаттагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу комментарий жасай элек.

Перс булуңдагы кырдаал чыңалган, аскердик тирештин тутануу коркунучу күчөгөн маалда тараптар “ишенбөөчүлүк дубалынан” ашып өтүүгө аракеттеништи.

Эксперттер бул сүйлөшүүлөрдү согушту алдын алуу багытындагы акыркы мүмкүнчүлүк деп баалашкан. Вашингтон Тегерандан атомдук жана баллистикалык ракета программаларын чектөөнү талап кылууда. Ал эми Ислам жумурияты кездешүүдө өзөктүк маселени гана талкуулоону көздөгөн.

АКШнын Иранга болгон кысымы ал жактагы нааразылык акциялар ырайымсыз басылып, миңдеген киши каза тапкандан кийин күчөгөн.

АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф буга чейин президент Дональд Трамптын атынан Газа тилкесинен баштап Украинадагы согушка чейинки куралдуу жаңжалдарды токтотуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келди.

Катышуучулар белгилүү болгону менен жолугушуунун так күн тартиби ачыкка чыгарылган жок. Кырдаалды анын форматы да татаалдаштырып, үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деген божомолдор жок эмес.

Маалыматтарга караганда, Иран кездешүү мурункудай эле тикелей эмес, Омандын тышкы иштер министри аркылуу жүрүшү керек деп билдирди.

АКШ - Иран: Омандагы сүйлөшүү согуштун алдын алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Андан тышкары "Рейтер" кабар агенттиги Тегеран “жараянды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн” деген жүйө менен АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлдөрүнүн же аймактагы бөлүктөрдүн башка аскердик жетекчилеринин катышуусуна каршы болгонун жазды.

Буга чейин Wall Street Journal АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы адмирал Брэд Купер америкалык делегацияга кошуларын маалымдаган.

Вашингтондун акыркы жумаларда Перс булуңуна кошумча аскерлерин тартканын эске алганда, Омандагы жолугушуунун мааниси өтө жогору.

“Дүйнө тарыхындагы эң кубаттуу армиянын башкы командачысы болгон президентибизде дипломатиядан тышкары башка варианттар бар экенин Иран режиминин эсине сала кетким келет”, - деп айтты 5-февралда Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт.

Ал эми Аббас Аракчи Х социалдык тармагына жарыялаган жума күнкү постунда сүйлөшүүлөр тараптар үчүн бирдей шартта жүрүшү керек деп жазды:

“Бирдей шарттар, бири-бирин жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоо. Бул куру риторика эмес, бул муктаждык жана бекем макулдашуунун пайдубалы”.

Кийинчерээк Омандын тышкы иштер министри Бадр ал-Бусаиди менен кездешүүнү утурлай Аракчи “Иран АКШнын ашыкча талаптарынан же авантюризминен коргонууга даяр” деп билдирди.

Буга чейин тараптар дипломатиялык аракеттерди жандандырууга даярдыгын билдиргени менен ири пикир келишпестиктер кала бергени кабарланган.

Вашингтон сүйлөшүү Тегерандын атомдук программасы менен чектелбеши керек деп билдирген.

"Кошмо Штаттар Иран менен иштешүүгө даяр жана дайыма эле ошондой болчу. Жолугушуунун мазмунун жана күн тартибин алсак, сүйлөшүүлөр олуттуу бир жыйынтыкка алып келиши үчүн ага белгилүү бир маселелер камтылышы керек. Атап айтканда, Тегерандын баллистикалык ракета программасын кыскартуу, аймактагы террордук топторго колдоосун токтотуу, ядролук программасы жана өз элине кылган мамилеси талкууланышы керек", - деп айткан АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 4-февралда.

Иран Оманда өзөктүк маселелердин айланасында гана сөз кылууну көздөп келди.

"Биздин позициябыз айдан ачык. Коркутуп-үркүтүүлөр шартында сүйлөшүү мүмкүн эмес жана бизге коюлган ашыкча талаптар алынып салууга тийиш", - деп билдирген Аракчи.

Айрым аналитиктер келишимге жетишүү Тегерандын кызыкчылыктарына төп келерин айтышат. Эмне дегенде Ирандын диниятчылар башкарган бийлиги ондогон жылдардан бери мынчалык алсыз болгон эмес. Декабрдын аягында тутанган толкундоолор, экономиканын кыйрашы аз келгенсип АКШ акыркы күндөрдө Перс булуңуна Авраам Линкольн согуштук кемеси баштаган кошумча аскердик күчтөрүн жайгаштырууга киришкен.

Президент Дональд Трамп тынч демонстранттарга зомбулук көрсөтүлсө Иранга чабуул коюларын эскертип келген.

Ислам жумуриятынын жетекчилери андай болсо жооп кайтарыларын айтып, АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы базалары мыйзамдуу бута болуп караларын, регионалдык уруш тутанарын эскерткен.

Кытайдын телеканалы сөзгө тарткан Тегерандын айрым тургундары аскердик тирештин ыктымалдыгына камтамачылыгын айтып, дипломатиялык аракеттерди күч алдырууга үндөшүүдө.

Масуд аттуу ирандыктын айтымында, согушту алдын алуу эки тараптын тең кызыкчылыгына дал келет:

"Согуш тутанса биздин улуттук валюта долларга карата наркын ого бетер жоготот. Карапайым элдин турмушу андан ары кыйындайт. Ошондуктан мен урушка каршымын. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаса мыкты болмок. Согуштун эч кимге кереги жок. Мен ошентип ойлойм".

Өткөн апрелден бери Кошмо Штаттар жана Иран Омандын ортомчулугу менен тикелей эмес сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын жүргүзгөн. Бирок июнда Ислам жумурияты менен Израил ортосундагы 12 күндүк согуш учурунда АКШ Фордодо жана Натанзда уран байытуу менен алектенген жер астындагы ишканаларды бомбалаган. Ошондон кийин ортодогу контакттар токтогон.

Батыш Тегерандын атомдук программасы курал чыгарууну көздөйт деп айыптап келсе, Иран аны тынч максатта колдонгонун айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG