Жолугушууга сүйлөшүүгө арачы болгон Омандын жогорку өкүлдөрү да катышууда. Бул тууралуу Ирандын бийлигине жакын Mehr агенттиги кабарлады.
Тегеранга чабуул коюу ыктымалдыгын караштырып жаткан АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңуна аскердик күч жайгаштырды.
Иран сүйлөшүүлөрдө өзүнүн өзөктүк программасын гана талкуулоого аракеттенип жатат. Бирок АКШ Ислам жумуриятынын баллистикалык ракета программасын да чектеп, Тегерандын Жакынкы Чыгыштагы согушкер топторго көрсөтүп жаткан колдоосуна чекит коюуну да көздөйт.
Гаагадагы так илимдер университетинин кызматкери Дэймон Голриздин айтымында, Трамп “Ирандай чоң өлкө менен согушка караганда” макулдашуу түзүүгө артыкчылык берет.
“Келишимге жетишүү, коомчулук аны Ирандын багынып берүүсүнө теңесе да, Ислам жумуриятынын кызыкчылыгына төп келет”, - деп кошумчалайт эксперт.
Мунасага келүү үчүн ирандык жана америкалык өкүлдөргө буга чейинки сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учураткан талаш-тартыш жараткан маселелерди чечүүгө туура келмекчи.
Уран байытуу, өзөктүк отун болбошу керек
АКШ Ирандан уранды байытуу иштерин толугу менен токтотууну жана жогорку даражада байытылган 400 килограмм уран запасынан баш тартууну талап кылууда. Мындай кадамдар Тегерандын атомдук курал чыгаруусун алдын алууну көздөйт.
Буга чейин Ислам жумурияты бул талаптарды аткаруудан баш тартып келген. Бирок, эксперттердин пикиринде, бул жолу соодалашуу үчүн позициялары чабал болгондуктан чегинүүгө барышы мүмкүн.
Ирандын диниятчылар бийлиги ондогон жылдардан бери мынчалык алсыз болгон эмес. Ички толкундоолор, экономиканын кыйрашы аз келгенсип АКШ Иранга жакын жерге аскерлерин топтоп жатат.
Өлкөнүн атомдук программасы да аянычтуу абалга кептелген. Былтыр июнда Иран менен Израил ортосундагы 12 күндүк согуш учурунда АКШ Фордодо жана Натанзда уран байытуу менен алектенген жер астындагы ишканаларды бомбалаган.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин инспекция бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Тарик Рауфтун айтымында, ошол соккулардан кийин урандылар менен аралашып кеткен жогору даражада байытылган уранды кайтаруу чоң маселеге айланышы ыктымал.
Рауф АКШнын жер астындагы буталарды жок кылуучу бомбаларынын (Bunker Buster) бири жарылбай калганын белгилейт.
“Натанзда азыркыга чейин 2 миң килограмм жардыргыч зат бар. Сырттан кымындай бир кийлигишүү болсо ал жарылып кетиши мүмкүн”, - деп түшүндүрдү Рауф “Фарда” радиосу менен маектешкенде.
Уран байытуу маселесин чечүүнүн бир жолу 2025-жылы майда киргизилген сунушка кайтуу болмокчу. Анда Иранга уранды жарандык энергетикага гана жарамдуу, төмөн даражада байытууга жол берген регионалдык консорциум түптөө каралган.
Консорциум адатта атомдук программасы бар өлкөдө түзүлөт. Жакынкы Чыгышта андай программага расмий ээ болгон Бириккен араб эмираттары уран байытуу укугунан баш тартып, өзөктүк отунду чет жактан импорттойт.
Ракеталар жана прокси күчтөр
Кошмо Штаттар Ирандын баллистикалык ракеталарынын санын жана алыстагы буталарга атуу жөндөмүн чектөөнү көздөйт. Учурда Тегерандын ракеталары 2 миң километрге чейин учууга кудуреттүү. Орто аралыкка учкан ракеталар Израилге, жакын аралыкка учкандар АКШнын Перс булуңундагы аскердик базаларына жете алат.
Ирандын колундагы орто аралыкка учкан ракеталардын саны белгисиз. Июнда Израил өлкөнүн ракета жана ракета учурган жабдууларды чыгарган ишканаларына сокку урган. Бирок Ислам жумуриятынын арсеналында жакын аралыкка атуучу баллистикалык ракеталардын болжол менен бир нече миң даанасы бар.
Тегеран коргонууда чоң роль ойнойт деген жүйө менен ракета программасын кыскартууга караманча каршы болуп келатат.
Иран ошондой эле Ливандагы, Ирактагы жана Йемендеги кол жоолук куралчан топторду колдой берерин айтууда. Израилдин жана АКШнын агрессиясына каршы турууда таянууну көздөгөн ал альянсты Иран “туруштук берүү түйүнү” деп атайт.
Өткөн июнда Ислам жумурияты аба соккуларына кабылганда өнөктөштөрү ал окуяларга аралашкан эмес. Бирок, эксперттердин пикиринде, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай, согуш чыгып кетсе, алар Тегеранга жардам бериши мүмкүн.
Макаланын түп нускасы бул шилтемеде.
Шерине