Украинадагы согушка тартылган кыргыз аялдар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусия Украинага “атайын аскердик операция” деген жүйө менен басып киргенине беш жыл болду. Согуш башталганы орус абактарында отурган мигранттарды от күйгөн майданга тартуу токтогон жок. Акыркы жылдары андай тузакка эркектер менен кошо аялдар да илинип жатканы ачыкка чыга баштады. Бул иликтөөдө “Азаттык” Украинадагы согушка борбор азиялык аялдар кандай шартта, кандай жолдор менен тартылып жатканын жана алардын арасында кыргызстандык кыз-келиндерди тактоого аракет кылды.