АКШ Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишими ушул жылдын июнь айына чейин түзүлүшүнө аракет кылып жатат. Бул тууралуу украин президенти Владмир Зеленский ишемби күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Мунун алдында Reuters агенттиги ишенимдүү булактарына таянып Кошмо Штаттары тынчтык келишимине март айында жетишүүгө жан үрөп жатканын жазган. Анда бул максатка ошол убакка карата жетүү дээрлик мүмкүн эместиги да белгиленген.
Зеленский дагы, Reuters дагы Вашингтондун шашып жаткан себебин Конгресске күзгү аралык шайлоолорду утурлай АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн ички иштери менен көбүрөөк алектенери менен байланыштырды.
Мунун алдында Трамп Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга байланыштуу соңку сүйлөшүүгө учкай комментарий берген. Reuters агенттиги анын "Орусия-Украинага байланыштуу бүгүнкү сүйлөшүүлөр абдан, абдан жакшы. Андан бир нерсе чыгышы да мүмкүн", - деп айткан сөзүн жарыялаган.
Аптанын аягында, жума күнү сүйлөшүүлөр болгон эмес. Бирок анын алдында Абу-Даби шаарында Украина, Орусия жана АКШнын өкүлдөрүнүн эки күндүк жолугушуусу өткөн. Бул сүйлөшүүлөрдү тараптар конструктивдүү деп баалаган жана анын негизинде Киев менен Москва дагы туткундарды алмашкан.
АКШнын ортомчулугу менен өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги темалардын бири аймактык маселе бойдон калууда. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Донбасс Орусиянын "тарыхый аймагы" экенин айтып, аны аскердик же башка жолдор менен кайтарып ала турганын билдирген. Киев болсо украин аскерлеринин Донбасстан чыгып кетишин кабыл алынгыс деп эсептейт.
Украин бийлиги ошондой эле коопсуздук кепилдиктерин, анын ичинде союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин Украинага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн талап кылууда.