Өзбекстанда социалдык тармактарда сөгүнгөн сөздөрдү жазгандарга, айткандарга айып пул салуу, камоо чаралары каралган мыйзам долбоору парламенттин мыйзам чыгаруу палатасында биринчи окууда өттү. Бул тууралуу Олий Мажлистин Телеграм каналына жарыяланды.
Ага ылайык, соцтармакта сөгүнгөндөр аныкталса беш миллион сумга чейин (400 доллардай) айып пул салынат же 10 күнгө чейин камалат. Маалыматта мындай чаралар соцтармактардын, мессенжерлердин колдонуучуларын тартипке салуу үчүн киргизилип жатканы, соңку кездери интернетте өзүн агрессивдүү алып жүргөндөр көбөйүп кеткени белгиленген.
Өзбекстанда учурда коомдук жайларда сөгүнгөндөрдү жазалаган мыйзам бар. Ага ылайык, майда бейбаштык кылган деп табылган жаранга бир миллион сумдан ашык (100 доллардай) айып пул салынат же 15 суткага чейин камалат.
Документ эми парламенттин төмөнкү палатасында экинчи жана үчүнчү окууда каралат, колдоо тапса Сенатка жөнөтүлөт. Мыйзам өлкөнүн президенти кол койгондон кийин гана күчүнө кирет.
Шерине