Төрөбаев сугат суу берүүдө электрондук эсептегичтер коюларын айтты

Жүгөрү талаасын сугарып жаткан дыйкан. Ысык-Ата району, Чүй облусу.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкан-фермерлерге суу берүүдө быйыл 1500 миң электрондук эсептегич коюларын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин 9-февралдагы жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, бул берилип жаткан суунун көлөмүн аныктоо үчүн жасалууда.

Бакыт Төрөбаев 2026-жылы 1 млн 250 миң гектар жерде айдоо иштери жүрөт деп пландалганын, анын ичинен 885 миң гектар жерди орточо 4-5 жолу сугаруу керек деп эсептелсе ага 6 млрд 300 куб метр сугат суу талап кылынарын кошумчалады.

“Ушул жылга ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 12 млрд 300 млн сом каралды. Бул каражатка 776 чакырым каналды оңдоо, тазалоо, 657 миң чарчы метр каналга бетон полотносун төшөө, 590 гидротехникалык крулмаларды, 508 суу өлчүүчү постторду, 91 насостук станцияларды, 170 насостук агрегаттарды оңдоо каралган”, - деди ал.

Жыл башында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдөгү дыйкан-фермерлерге кайрылып, быйыл сугат суу жетишсиз болорун эскерткен.

Мекеме ушундан улам дыйкандарды сууну үнөмдөп, тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну, сууну аз талап кылган эгин, жашылчаларды өстүрүүгө жана кургакчылыкка чыдамдуу үрөн себүүгө өтүүнү сунуштаган.

Соңку жылдары айрыкча Чүй облусунун айланасындагы айылдарда жашаган дыйкандар суу жетишсиз болуп, сугат суу калыс бөлүштүрүлбөй жатканын айтып, окмөткө наарызылык билдирип келишет. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн билдирүүсүн текшерип жататФСБ: генерал Алексеевге кол салууга шектүү Дубайда кармалып, Москвага жеткирилди №13 округ: Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери башталды Улуттук банк валюта базарына дээрлик 110 млн доллар саттыОш милициясы аламан улак тартыштагы өлүм менен аяктаган окуяны териштирип жатат