Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:55

ФСБ: генерал Алексеевге кол салууга шектүү Дубайда кармалып, Москвага жеткирилди

Владимир Алексеев.
Владимир Алексеев.

Орусиянын Аскердик чалгын башкармалыгынын (ГРУ) жетекчисинин биринчи орун басары, генерал-лейтенант Владимир Алексеевге кол салууга шектүү жаран Дубайда колго түшүп, Орусияга жеткирилди. Бул тууралуу орус басылмалары Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) шилтеме кылып жазды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган жарандын аты-жөнү Любомир Корба. Анын бир шериги Москвада кармалды, ал эми экинчиси (аял) өлкөдөн чыгып кетти жана Украинага барды.

Соңку маалыматтарга караганда, Алексеевге операция жасалды жана ал өзүнө келди.

Орусиянын Тергөө комитети жума күнү Алексеевге кол салуу болгонун билдирген. Ага ылайык, белгисиз адам генералга Москванын түндүк-батышындагы Волоколамск кан жолунун боюнда жайгашкан үйдө ок чыгарган.

Shot басылмасы шектүү Алексеевди тепкич аянтчасында күтүп туруп, офицер батиринен чыгары менен атканын жазган.

Андан кийин кол салган адам изин жашырып кеткен, ага издөө жарыяланган.

Алексеевдин абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Орус полициясы "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "курал-жабдыктын мыйзамсыз жүгүртүлүшү" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Британияда Владимир Алексеев Сергей Скрипалга каршы Солсбери шаарында жасалган кол салууга тиешеси бар деп айыпталган. Ошондой эле ал "Вагнер" менчик аскер компаниясынын кураторлорунун бири катары аталып жүрөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG