Министр Орусиядагы кыргыз дарыгерлерин Кыргызстанга келип иштөөгө чакырды

Министр Каныбек Досмамбетов жана Москвада иштеген кыргызстандык дарыгерлер.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Москва шаарында Орусияда эмгектенип жаткан кыргызстандык медицина кызматкерлери менен жолугушуп, аларды Кыргызстанга келип иштөөгө чакырды.

Министрликтин маалыматында жолугушууга Москвада саламаттык сактоо тармагында иштеп жаткан 60ка жакын кыргызстандык дарыгерлер катышты.

Каныбек Досмамбетов өлкөдө эмгек акыны жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана медицина кызматкерлеринин иш шартын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берип, жаш адистерге болгон шарттар түзүлөрүн айтты.

Дарыгерлер чет өлкөдө иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанда жумушка орношуу сыяктуу суроолорду берген. Министр Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы кесипкөй адистерге муктаж экенин, министрлик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Төрөбаев сугат суу берүүдө электрондук эсептегичтер коюларын айттыИИМ “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн билдирүүсүн текшерип жатат№13 округ: Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери башталды Улуттук банк валюта базарына дээрлик 110 млн доллар саттыОш милициясы аламан улак тартыштагы өлүм менен аяктаган окуяны териштирип жататФСБ: генерал Алексеевге кол салууга шектүү Дубайда кармалып, Москвага жеткирилди