Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетине Кыргызстанга чара көрүү сунушун дагы киргизди.
Расмий документтин долбооруна караганда, Кыргызстанга Компьютерлердин санарип башкаруу (CNC) станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салынышы ыктымал.
Брюссел өлкөгө импорттолгон кош максаттагы айрым товарлар санкцияларды буйтап өтүп, Орусияга реэкспорттолушу мүмкүн деп чочулайт.
Шаркеттин документинде соода статистикасына таянып айтылгандай, былтыркы жылдын алгачкы он айында Кыргызстанга Евробиримдиктен импорттолгон санкция салынган кош максаттагы жогорку технологиялык товарлардын көлөмү Украинадагы согуш баштала электеги мөөнөт менен салыштырганда дээрлик 800% ашкан. Ошол эле маалда товарлардын Орусияга болгон экспорту 1200% көбүрөөк болуп чыккан.
Сөз болгон товарлар Орусиянын аскердик-технологиялык өнүгүүсүнө же коргонуу, коопсуздук тармактарын жакшыртууга салым кошот деген жүйө менен санкциялык тизмеге киргизилген.
Еврошаркет Кыргызстандын ошол товарларды импорттогону, андан кийин Орусияга берилгени, сатылганы же экспорттолгону санкцияларды кыйгап өтүү коркунучу жогору экенин көрсөтүүдө деп эсептейт.
Брюсселдин маалыматына ылайык, Евробиримдиктин санкциялар боюнча жогорку өкүлү Кыргызстан менен активдүү иштешип, шаркет кыргыз бийлиги менен техникалык талкууларды жүргүзгөн.
“Көптөгөн кайрылуу жана милдеттенмелерге карабай, Кыргызстан Еврошаркетте чыгарылган кош максаттагы санкциялык товарлардын Орусияга реэкспорт болбошу үчүн жетиштүү чара кабыл алып же аларды бекемдеген эмес. Бул санкцияларды буйтап өтүүгө өбөлгө түзгөн", - деп айтылат документте.
Андыктан Кыргызстан "жазалоочу чараларды кыйгап өтүү тобокелдиги такай жана ырааттуу мүнөзгө ээ, бийлиги Орусияга шаркеттен экспорттолгон санкциялык товарларды сатууга, берүүгө, камсыздоого же экспорттоого тоскоол боло албаган юрисдикция катары таанылууда".
Буга чейин Брюссел кыргызстандык айрым жеке компанияларды жана банктарды "кара тизмеге" киргизген. Кыргыз бийлиги Кыргызстан Орусия менен экономикалык байланышты таптакыр үзүп коё албай турганын айтып, Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын санкциядан чыгарууну талап кылган. Расмий Бишкек ыктымал санкция боюнча да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Кыргызстандын бийлиги Орусия менен Украинанын согушунда бейтарап турумда экенин эки тараптын жаңжалы башталганда эле жарыялаган. Кыргыз бийлиги Бишкек эч качан согушту колдобой турганын, курал-жарактардын кайсы бир тарапка өтүшүнө жол бербесин улам-улам кайталап келет.