Германиянын тышкы иштер министри Йохан Вадефул шаршембиде Берлинде борбор азиялык башкы дипломаттар менен жолугат. Бул тууралуу немис тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында энергетика жана Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүү маселеси сөз болору кабарланды.
Еврошаркеттин 20-пакетинин алкагында алгачкы жолу Кыргызстанга чара көрүү каралган. Башка өлкөлөрдүн компаниялары Евробиримдиктен кош максаттагы товар алып, андан ары Орусияга экспорттогону үчүн күнөөлөнүп келет.
Алсак, 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан тарта Германиянын Кыргызстан өңдүү өлкөлөр менен соода көлөмү өскөн.
Маалыматка караганда, Вадефул Түркмөнстан, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын тышкы иштер министрлери менен жолугат.
Басма сөз кызматы Берлин бул өлкөлөргө каршы санкцияларды колдору же колдобой турганын айткан жок.
“Борбор Азия мамлекеттеринин бир топ маселелерде биз үчүн маанилүү өнөктөш катары мааниси артууда”, - деп айткан Германиянын тышкы мекемесинин өкүлү энергетиканын альтернативдүү булактары, табигый ресурстардын коопсуздугу, климаттагы өзгөрүүлөр жана Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө каршы күрөш чөйрөлөрүн атады.
Германия ошондой эле Казакстан сыяктуу мамлекеттердин чийки заттарына кызыгат.