Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Адегенде Ереван, анан Баку. АКШ вице-президентинин тарыхый сапары

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жана Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс. Ереван. 9-февраль, 2026-жыл.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жана Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс. Ереван. 9-февраль, 2026-жыл.

Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс 9-февралда Арменияга барды. Эки күндүк сапарынын алкагында ал аймактагы соода, инвестиция жана инфраструктура маселелерине көңүл бурары кабарланды. Андан соң Вэнс Азербайжанга барары күтүлүүдө.

Жей Ди Вэнс Ереванга жубайы Уша жана балдары менен барды. Ушул эле күнү ал Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен жолукту.

Вэнстин эки өлкөгө болгон сапарынын өзөгүн TRIPP — Трамптын Эл аралык тынчтык жана өнүгүү маршруту түзөт.

Бул Армения аймагы аркылуу өтө турган, узундугу 43 чакырымдык автоунаа жана темир жол коридору Азербайжанды анын Нахичеван эксклавы менен байланыштырат.

Ошол эле учурда бул каттам Орусия менен Иранды айланып өтүп, чыгыш–батыш багытындагы жаңы соода жолун ачат.

Бул транзиттик маршрут 2025-жылдын августунда Вашингтондо Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин ортосунда АКШнын ортомчулугу менен жетишилген тынчтык келишиминин бир бөлүгү болуп саналат.

Макулдашуу эки өлкө ортосунда ондогон жылдардан бери уланып келген тирешүүгө чекит коюуну көздөйт.

"Вэнстин сапары АКШнын TRIPP долбоорун ишке ашырууга болгон берилгендигин дагы бир жолу тастыкташы керек", — деди Эл аралык кризистик топтун Түштүк Кавказ боюнча улук аналитиги Жошуа Куцера "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.

АКШ президенти Дональд Трамп январь айынын соңунда социалдык тармактагы билдирүүсүндө Вэнстин турнеси "Азербайжан менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого, Армения менен тынчтык максатындагы өзөктүк кызматташуу боюнча мыкты келишимге, америкалык ири жарым өткөргүч өндүрүүчүлөр үчүн соодалашууларга, АКШда өндүрүлгөн коргонуу жабдууларын Азербайжанга сатууга" багытталарын жазган.

Тынчтык келишими Орусиянын Баку менен Еревандагы таасири алсырап турган шартта Вашингтондун аймактагы позициясын бекемдеди.

Ошол эле учурда Вэнстин сапары АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп турган маалга, Оманда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр жана АКШ колдогон сейрек кездешүүчү минералдар боюнча жаңы демилге сунушталып жаткан учурга туура келди.

Аналитиктердин баамында, бул жагдайлар Түштүк Кавказды АКШнын тышкы саясатындагы артыкчылыктардын күтүүсүз борборуна айлантты.

Орусия менен Иранды айланып өткөн жаңы соода байланыштарын ачууга мүмкүнчүлүк берген TRIPP долбоору Борбор Азия менен Европа ортосундагы байланыштарды кеңейтүү менен катар, Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү минералдар менен металлдарды Батыш базарларына жеткирүүнүн жаңы жолдорун да ачышы мүмкүн.

Бул тема 2025-жылдын ноябрында Дональд Трамп менен Борбор Азия лидерлеринин саммитинде негизги багыттардын бири болгон.

Вашингтонду Түштүк Кавказда кызыктырабы?

Вэнс АКШнын Арменияга барган тарыхтагы эң жогорку даражалуу расмий өкүлү. Ал эми Азербайжанга буга чейин, 2008-жылы АКШнын вице-президенти Дик Чейн барган. Андан бери Бакуда да мындай жогорку деңгээлдеги аткаминерлерден эч ким боло элек.

"Мындай деңгээлдеги активдүү кызматташуу Буштун администрациясынан бери болгон эмес, ал учурда негизги көңүл Грузияга бурулган", - деди Вашингтондо жайгашкан Yorktown институтунун "Туран" изилдөө борборунун жетекчиси Жозеф Эпштейн.

2008-жылы Чейни Грузияга да барган. Ал эми мурдагы АКШ президенти Жорж Буш 2005-жылы Тбилисиге расмий сапар менен келген. Жо Байден 2009-жылы вице-президент катары Грузияга барган.

АКШнын ортомчулугу менен 2025-жылдын августунда Армения менен Азербайжандын лидерлери Алиев менен Пашинян Тоолуу Карабак үчүн дээрлик 40 жылга созулган жаңжалды жыйынтыктоону көздөгөн келишимге кол коюшкан.

Макулдашууга ылайык, тараптар бири-биринин аймактарына болгон бардык дооматтарынан баш тартып, бири-бирине каршы күч колдонбоого милдеттенме алышкан. Ошондой эле эл аралык укукту урматтоого убада беришкен.

TRIPP бул кеңири тынчтык келишиминин экономикалык багыттагы бөлүгү катары саналат.

TRIPP Азербайжандын Нахичеван эксклавына тоскоолдуксуз транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен бирге, Ереванга сунушталган маршрут өтө турган аймакта өзүнүн эгемендүү көзөмөлүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Жакынкы убакка чейин бул каттам кандайча ишке ашырылары тууралуу маалыматтар аз болчу.

Бирок 13-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян долбоорду ишке ашыруунун планын жарыялашты.

"Биз TRIPP келишими дүйнө үчүн үлгү болот деп эсептейбиз. Башкача айтканда, эгемендикке жана аймактык бүтүндүккө шек келтирбестен, экономикалык ишмердүүлүккө жана өнүгүүгө кантип жол ачса болорун көрсөткөн модель. Бул Армения үчүн да, АКШ үчүн да, процесске катышкан бардык тараптар үчүн да пайдалуу. Акырында, бул бүт дүйнөгө үлгү. Биз бул багытка олуттуу берилгенбиз жана алдыга жылуу үчүн маанилүү кадамдарды жасап жатабыз", - деген Рубио.

TRIPP Development Company (TDC) аттуу жаңы компания түзүлөрү маалым болду. Бул компания долбоордун алгачкы темир жол жана автоунаа жол бөлүктөрүн куруу менен алектенет. Алгачкы 49 жыл ичинде компаниядагы көзөмөл пакети 74% АКШга таандык болот. Эгер долбоордун мөөнөтү узартылса, кийинки 50 жылда Американын үлүшү 51% түшөт.

Толук ишке берилгенден кийин TRIPP Азербайжандагы, Нахичевандагы жана Түркиядагы башка өнүгүп жаткан инфраструктуралык долбоорлор менен байланыша турган болуп, Орусияны айланып өткөн, Кытайды Борбор Азия жана Кавказ аркылуу Европа менен туташтырган узундугу 6 500 чакырымга жеткен Орто коридордун маанилүү түйүндөрүнүн бири катары кызмат кылат.

TRIPP ошондой эле Грузияны айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Акыркы жылдары АКШ жана Европа менен мамилеси начарлап кеткен бул өлкөдө бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы Батышка каршы маанайды күчөтүп, Орусия жана Кытайга ыктаган саясатты жүргүзүп келет.

Вэнстин сапарынын алдында Армения эскирип калган, Орусия куруп берген Мецамор атомдук электр станциясынын ордуна жаңы өзөктүк реакторду куруу үчүн америкалык компанияны тандап алуу ыктымалдыгын да ишарат кылды.

Акыркы чечим 2026- же 2027-жылдары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок Армениянын аймактык башкаруу жана инфраструктура министри Давид Худатян билдиргендей, жаңы атомдук станция модулдук долбоордо курулат. Адатта мындай долбоорго америкалык компаниялар артыкчылык берет.

Бул кадамдар Дональд Трамптын администрациясынын саясатына шайкеш келет.

Вашингтон Евразиядагы стратегиялык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыздоону максат кылууда.

Сейрек кездешүүчү минералдар маселеси

4-февралда Вэнс АКШнын өнөктөштөрүн сейрек кездешүүчү минералдар байланыштуу артыкчылыктуу соода блогуна бириктирүү планы барын жарыялады.

Сейрек кездешүүчү минералдар маселеси Дональд Трамп кайрадан бийликке келгенден бери Ак үйдүн күн тартибин аныктаган негизги темалардын бири болуп калды.

АКШнын Геологиялык кызматы улуттук жана экономикалык коопсуздук үчүн өзгөчө маанилүү деп тааныган бул топко болжол менен 50 минералдык чийки зат кирет.

Алардын катарында сейрек кездешүүчү жер элементтери да бар. Бул 17 элемент шамал генераторлорунан тартып смартфондорго, ал тургай аскердик учактардын кыймылдаткычтарына чейин кеңири колдонулат.

АКШнын жаңы демилгесинин Вашингтондогу ачылыш иш-чарасына 55 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Алардын арасында Армения, Азербайжан жана Казакстандан келген делегациялар да болду.

Nightingale Intelligence аттуу саясий божомолдоо компаниясынын изилдөө бөлүмүнүн башчысы Элданиз Гусейнов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Армения менен Азербайжандын жабык чек арасын ачууга жол ачкан TRIPP долбоору кеңири стратегиялык максаттар менен тыгыз байланышта.

Анын айтымында, бул коридор Борбор Азиядагы минералдык ресурстарды Батыш базарларына жеңилирээк жеткирүүгө шарт түзөт.

"Бул жерде негизги маселе логистика. Азыркы учурда Борбор Азиядагы чийки заттын басымдуу бөлүгү Кытайга жөнөтүлүп жатат. Ал эми TRIPP жаңы инвестицияларды тартууга түрткү берип, альтернативдүү багыттарды сунуштай алат", - дейт Гусейнов.

Армения менен Азербайжандын лидерлери вице-президент Вэнстин аймакка жасай турган сапарынан кийин АКШга барып, Дональд Трамп уюштурган "Тынчтык кеңешинин" саммитине катышат. Бул тууралуу Вашингтондогу "Азаттык" радиосунун кабарчысы Алекс Рауфоглу өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Никол Пашинян менен Илхам Алиев 19-февралда Вашингтонго барып, Трамптын "Тынчтык кеңешинин" саммитине катышууну пландап жатышат.

АКШ вице-президенти Арменияга барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG