Украин спортчуга согушта каза болгон атлеттердин сүрөттөрү тартылган шлемди кийүүгө тыюу салынды

Владислав Гераскевич

Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко Эл аралык Олимпиада комитетинин украиналык скелетончу (чананын түрү) Владислав Гераскевичке байланышкан чечимин сындады. Спортчуга Милан-Кортинадагы жарыштарда согушта каза болгон атлеттердин сүрөттөрү түшүрүлгөн шлемди кийүүгө тыюу салынган.

«Украиналык 650 спортчу эч качан Олимпиадага бара албайт. Аларды орусиялыктар өлтүргөн», - деп жазды премьер Х социалдык тармагына.

Свириденконун айтымында, курман болгондорду эскерүү «саясат эмес, ар-намыстын көрүнүшү».

Украинанын Улуттук Олимпиада комитети Гераскевичке сөз болгон шлемди колдонууга уруксат сурап кайрылган. Комитет анда эч кандай саясий ураандар же бирөөнү кемсинткен белгилер болбогонун, бардык нормалар сакталганын айтышкан. Бирок Эл аралык Олимпиада комитети ага жол берген жок.

Олимпиаданын хартиясында “жарыштар өткөн жайларда саясий, диний жана расалык пропагандага тыюу салынары” айтылган.

Спортчунун шлеминде асыресе көркөм муз тебүү менен машыккан Дмитрий Шарпара, 19 жаштагы биатлонист Евгений Малышевдин жана башкалардын сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Гераскевич маркумдар Олимпиада кыймылынын мүчөлөрү, кээ бирлери анын жакын достору болгонун айткан.

Январда Украинанын спорт министри Матвей Бедный согуш башталгандан бери украиналык 650дөн көп атлет жана машыктыруучу набыт болгонун AFP агенттигине билдирген.

Дагы караңыз

Transparency International "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстанды 142-орунга койдуТашиев кызматтан кетти. Эксперттердин пикири Саясий тандем атаандаштыкка айланабы?