Президент Садыр Жапаров 26-январда энергетика министри Таалайбек Ибраевге, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировго катуу сөгүш бергени 10-февралда белгилүү болду.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиевге эскертүү берилген.
Мамлекет башчынын тескемесинде алар эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн ушундай чара колдонулганы жазылган. Бирок так кайсы иши үчүн экени белгисиз.
“Азаттык” Таалайбек Ибраев жана Равшанбек Сабиров менен байланышканда сөгүш алганы тууралуу маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок. Ошол эле кезде комментарий да берүүдөн баш тартышты.
Ал эми президенттин администрациясы комментарий бере элек.
Сөз болуп жаткан жетекчилерге сөгүш берилгени тууралуу расмий маалымат таратылган эмес. (BTo)