Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) генерал Владимир Алексеевге кол салууга катышкан үчүнчү киши кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, ал күнөөсүн мойнуна алды жана дагы эки жогорку аскер адамдарынын артынан аңдып жүрүшкөнүн айтты.
Үчүнчү кармалган киши Орусиянын жараны Павел Васин экенин, ал дагы бир шектүү Виктор Васиндин баласы экенин ФСБнын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Павел Васин ага чейин колго түшүрүлгөн Любомир Корба менен атасын орус аскерлеринин артынан аңдуу үчүн машина жана башка жабдыктар менен камсыздаган деп айыпталууда.
Орусиялык тергөөчүлөр Корбаны украин коопсуздук кызматынын агенти деп атаган.
Аскердик чалгын башкармалыгынын (ГРУ) жетекчисинин биринчи орун басары, генерал-лейтенант Владимир Алексеевге 6-февралда кол салышкан.
Орусиянын Тергөө комитети белгисиз адам генералга Москванын түндүк-батышындагы Волоколамск кан жолунун боюнда жайгашкан үйдө ок чыгарганын билдирген. Андан кийин кол салган адам изин жашырып кетип, ага издөө жарыяланган.
Алексеевге операция жасалганы маалым болгон.
Бир күндөн кийин Корба Дубайда кармалганы, ага көмөктөшкөн дагы бир кишинин колго түшүрүлгөнү кабарланган.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн генералдын көзүн тазалоо аракетин көргөн деп айыптаган. Киев кол салууга тиешеси жоктугун жана сүйлөшүүлөргө бут тосуу үчүн орус тарап аны өзү уюштурган деп айтууда.
Алексеев Британияда орус Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Сергей Скрипалга каршы Солсбери шаарында жасалган кол салууга тиешеси бар деп айыпталган. Ал "Вагнер" менчик аскер компаниясынын кураторлорунун бири катары да аталып жүрөт.
Шерине