Британиялык Financial Times (FT) гезити украиналык жана Батыштагы аткаминерлерге шилтеме менен Украинада тынчтык келишими боюнча референдум менен кошо президенттик шайлоо өткөрүү пландалып жатканын жазды.
Басылма АКШ президенти Дональд Трамп Киев бийлигинен добуш берүүнү 15-майга чейин өткөрүүнү талап кылганын маалымдады.
"Андай болбосо, Вашинтондун коопсуздук кепилдиктерге тиешелүү сунуштардан кол жууп калары эскертилди", - деп белгилешти гезиттин булактары.
Алардын маалыматына ылайык, украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский референдум жана шайлоо тууралуу 24-февралда, согуш башталганынын төрт жылдыгында жар салат деп күтүлүүдө.
"Настоящее Время” телеканалы кабарлагандай, булактар украин жетекчилиги мындай кадамга Ак үйдүн катуу кысымынан улам барып жатканын айткан. Трамп администрациясы Орусия менен Украина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жазында бүтүрүүнү көздөйт.
Мыйзам боюнча согуш абалы учурунда шайлоо өткөрүүгө болбойт.
Зеленскийдин кызматтагы мөөнөтү 2024-жылдын жазында аягына чыккан, бирок жаңы шайлоого чейин мамлекеттин башында кала берет. Трамп өзү баш болуп АКШ бийлиги Украинадагы шайлоо темасын утур-утур козгоп келет.
Ал эми референдумга кайсы маселе чыгарылары да бүдөмүк. Киевдин өкүлдөрү өз аймактарын Орусияга өткөрүүгө каршы, алар жаңжалды “тоңдурууга” гана даяр.
Financial Times Зеленскийдин кеңсеси комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере электигин маалымдады.
Ал эми "РБК-Украина" гезиттин материалын комментарийлеген жогорку аткаминерлер "коопсуздук орнотулмайынча, добуш берүү жарыяланбайт” деп айткандарын жазды.
Өткөн жумада украин президенти Вашингтон “согушту жайга чейин токтотууну сунуш кылганын, тараптарга сыягы ошого жараша кысым жасаларын” айткан. Июнга чейин уруш жөнгө салынбаса, АКШ ортомчулук аракеттеринен баш тартат деген ишарат түшпөгөнүн кошумчалаган.
Американын НАТОдогу элчиси Мэттью Уитакер Вашингтон конкреттүү мөөнөттү атабаганын билдирди.