“Күйөөм бензин чачып, өрт койду”. Майрамкүл жардамга муктаж
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мындан 2,5 ай мурда Майрамкүл Таалайбек кызын күйөөсү жолдошу бензин чачып, өрттөп жиберген. Сол капталы, колдору колтук бөлүгү менен, далысы күйүп калган келин ооруканада эки ай жаткан. Азыр ал апасынын ижара батиринде эки кичинекей кызы менен баш калкалап турат. Бирок Майрамкүл акчанын жоктугунан толук дарылана албай, өлкө бийлигинен жардам сурады.