Харьковго чабуулда үч наристе атасы менен набыт болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Харьковдо орус армиясынын аткылоосунан үч наристе атасы менен кошо набыт болду. Кош бойлуу аялы ооруканага жеткирилди. Ал арада жер-жерде энергетиктер он миңдеген калкка электр жарыгы жана жылуулук берүү үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. Киевдин мэри Виталий Кличко баш калаада бир миңден ашуун көп кабат үй жылуулуксуз калганын билдирди.