Казакстанда жаңы конституция боюнча жалпы элдик референдум 15-мартка дайындалды. Тиешелүү токтомго шаршембиде президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Казакстандыктар «Долбоору 12-февралда маалымат каражаттарына жарыяланган жаңы конституцияны кабыл аласыңарбы?» - деген суроого жооп беришмекчи.
Январда Токаев жаңы Баш мыйзам кабыл алуу зарылдыгын айткан жана конституциялык реформа боюнча комиссия түзүү тууралуу буйрук чыгарган.
31-январда жарыяланган долбоор толукталгандан кийин комиссия аны референдумга алып чыгууну сунуштаган. Баш мыйзам преамбуладан, 11 бөлүктөн, бардыгы болуп 95 беренеден турат.
Токаев акыркы чечимди жарандар кабыл аларын буга чейин белгилеп келген.
Бирок юристтер менен укук коргоочулар долбоорго ылайык, бийлик мамлекет башчынын колуна топтолуп каларын, мыйзам чыгаруу бутагынын ролу төмөндөрүн жана жарандык укуктар чектелерин айтышат.
Мурдарак эксперттер бийликти жаңы конституцияны кабыл алууга шашпоого чакырышкан.
Кошуна өлкөдө референдум акыркы жолу 2024-жылдын октябрында өткөн. Казакстандыктар ошондо өлкө аймагында АЭС курууну колдошкон. Байкоочулар добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышкан.