Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

"Жетимиш бешчилер иши": Достукка доо кетирген кайрылуу

75 адамдан турган топтун билдирүүсүнө байланыштуу ИИМ кылмыш ишин козгоду. Билдирүүгө кол койгондордон ичинен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи Эмил Узакбаев жана экс-депутат Курманбек Дыйканбаев “массалык башаламандык уюштурууга” шек саналып камакка алынганы белгилүү болду.

Апта башында президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 киши кол койгон кайрылуу тараган. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы ажырымга жогорудагы кайрылуу негиз болгонун билдирди.

Президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кайрылууга кол койгон 75 жарандын үчөө - ишмер Бекболот Талгарбеков экс-элчи Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев камалганы шаршембинин кечинде маалым болду. Талгарбековдун уулу "Азаттыкка" атасын милиция кызматкерлери алып кеткенин айтты:

“Үйдөн үч кызматкер алып кетишти. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери алып кетти. Үйдө тинтүү иштери жүргүзүлүп жатат окшойт. Мен азыр ИИМге баратам. Эмне иш боюнча экенин айтышкан жок”, - деди Арстан Талгарбеков.

Ички иштер министрлиги аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылганын билдирди. Тергөө кызматына кайрылууга кол койгон 75 жаран жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлгөнү да расмий кабарланды.

Бул арада өкмөт өкүлү Эдил Байсалов Фейсбукка билдирүү жазып, эки достун ортосундагы мамилеге 75 адамдын билдирүүсү түздөн-түз себеп болгонун белгиледи.

“Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту буза башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”.

Буга чейин эле кыргыз коомчулугунда, социалдык тармактарда президенттик шайлоону чукул өткөрүүгө байланыштуу талкуулар башталган. "Жетимиш бешчилердин" кайрылуусу талкуунун башын ачкандай болду.

“Мен бир топ мурдагы коомдук ишмерлер көтөрүлүп жатыптыр, туура эле пикир болгон экен дегем. Анын үстүнө №1 (Садыр Жапаров) менен №2 (Камчыбек Ташиев) кеңешип алып ушундай кылып жаткан экен деген ойдо болгом. Ошол учурда “мөөнөтү өтүп баратат” деген жаман-жуман сөздөр калбасын, президент жакшы иштеп жатат, аны улантсын деп эле кол койгом. Мен тигиге же буга жан тарткан эмесмин, калыс кишимин", - деди кайрылууга кол койгондордун бири Кемел Ашыралиев.

Экс-премьер-министрлер, экс-депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Айрымдары кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул кайрылууну “коомчулукта, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылар арасында начар жагдайды жаратуу” аракети катары баалаган.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызмат ордунан бошотулду. Ага удаа эле үч орун басары да кызматтан алынды.

Президенттин жарлыгында Баш мыйзамдын "70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулганы" айтылат.

Бул беренелерге ылайык, президент өз демилгеси же Жогорку Кеңештин, Улуттук курултайдын мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде өкмөт мүчөсүн жумуштан алууга укугу бар экени жазылган. Буга чейин парламент менен курултайдан Ташиевге байланыштуу сунуш түшпөгөнүн эске алганда бул президенттин өз демилгеси болгонун айтууга болот.

Кармалгандар кимдер?

Бекболот Талгарбеков 1955-жылы 3-мартта Кочкор районунда туулган. 1979-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Эгемендик алган жылдардан тарта жооптуу кызматтарда иштеген. Аскар Акаевдин учурунда адегенде президенттик аппаратта иштеп, кийин айыл чарба министринин милдетин аткарган. Жалал-Абад облусунун губернатор болгон. 2011-жылы президенттик шайлоодо талапкер Камчыбек Ташиевдин штабында иштеген. "Азаттыкка" мындан төрт жыл мурда берген интервьюсунда өзүн "Акаевдин шакирти, Ташиевдин устаты" катары мүнөздөгөн. Талгарбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда "Элдик парламенттин" мүчөсү катары президенттин отставкасын талап кылганы үчүн да камалып чыккан.

Эмилбек Узакбаев 1955-жылы Сузак районунда туулган. 1976-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган. Кесиби инженер-механик. Нарын облусунун мурдагы губернатору (1996-1998), айыл чарба тармагынын адиси жана Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси (2012-ж. дайындалган).

Эмилбек Узакбаев "Азаттыкка" алты жыл курган маегинде карьералык жолун мурдагы президент Аскар Акаевдин убагында баштаганын, убагында кадр саясатында түштүк-түндүк балансы сакталышы керектигин айтып чыккан саясатчылардын бири болгонун жашырган эмес. Министр болуп турган кезде айрым реформалары ишке ашпай калганын моюнга алган.

Курманбек Дыйканбаев 1960-жылы 11-июлда Түп районунда туулган. Айыл чарба адиси, кийин башкаруу багытында билим алган. 2005-2010-жылдардагы конституциялык кеңешмелердин мүчөсү болгон. 2018–2020-жылдары президенттин парламенттеги өкүлү катары иштеген. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында "Республика" фракциясынан депутат болгон.

Курманбек Дыйканбаев 2020-жылы ноябрь айында кармалган. Атайын кызмат ал ошол эле жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоодо "партиянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган" деп айып койгон. Ошол кездеги Финансы полициясынын жетекчиси Бакир Таиров Курманбек Дыйканбаев мамлекеттик ишканадан 7 млн. сом алганын айткан. 2021-жылы Дыйканбаев тергөө менен кызматташууга барып, бюджетке 7 млн. сом төгүп бергени кабарланган. 2022-жылы соттон акталып чыккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG