Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешине катчы болуп дайындалды

Адилет Орозбеков.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешине катчы кылып Адилет Орозбековду дайындады. Бул тууралуу жарлыкка кол коюлганы 12-февралда жарыяланды.

48 жаштагы Орозбеков эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыкчам кызматкер болуп баштаган. Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ар кыл тармагында эмгектенген.

2017-2019-жылдары Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти болуп иштеген.

2023-2024-жылдары президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти болгон.

2025-жылдан бери президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Рустам Мамасадыковду президент Садыр Жапаров 10-февралда кызматтан бошотуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары кылып дайындаган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткондон кийин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны иштен алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирди.

Дагы караңыз

Өкмөт башчы быйыл Бишкекте 32 жаңы мектеп куруларын билдирдиЖК гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алдыДепутат Талиева парламент төрагасы "чыңалган саясий кырдаалдын курмандыгы" болгонун айттыЗеленский 24-февралда шайлоо өткөрүү планы жок экенин билдирди