Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда – Орусиянын кол салганына толук төрт жыл болгон күндө өлкөдө президенттик шайлоо жана референдум жарыялоо планы жок экенин билдирди. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазып чыкты.
“24-февралда жарыялоо тууралуу биринчи жолу угушум. Алгач Financial Times басылмасынан уктум. Экинчи жолу силерден угуп жатам. Мен шайлоо боюнча буга чейин да көп жолу айттым, биз качан гана коопсуздук кепилдиктерин толук алганда гана шайлоого өтөбүз”, - деди Зеленский журналисттерге.
Украин лидеринин айтымында, шайлоо маселеси украин тараптан эмес, көбүнчө Киевдин өнөктөштөрү тараптан көп көтөрүлүп келет. Зеленский ал үчүн негизги шарт болуп коопсуздук кепилдиги кала берерин айтууда.
Ал шайлоонун болжолдуу күнү катары айтылып жаткан 15-май жөнүндө мындай жооп берди:
“Биз америкалык кесиптештерибиз сунуштаган бардык мөөнөт боюнча иштөөгө даярбыз. Бирок референдум маселеси көтөрүлө турган болсо, мен буга чейин айткандай, ок атышуу токтошу керек. Анткени референдум түзүлүшү жагынан шайлоо сыяктуу эле”.
Зеленский Вашингтон Киевди коопсуздук кепилдиктеринен баш тартуу менен коркутпаганын жана аларды шайлоо өткөрүүгө байланыштырбай турганын баса белгиледи.
Украинанын мыйзамдары аскердик абал жарыяланган учурда шайлоо өткөрүүгө тыюу салат. Согушка байланыштуу 2023-жылдагы Жогорку Раданын жана 2024-жылдагы президенттин шайлоосу өткөн жок.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдө шайлоо өткөрүүнүн “мезгили келгенин” айткан. Зеленский бул өнөктүктү 60-90 күн ичинде өткөрүүгө даяр экенин, ал үчүн АКШнын жана Европанын коопсуздук кепилдиги болушун белгилеп, добуш берүү маалында ок атышууну токтотуу шартын койгон.
Орусия президенти Владимир Путин шайлоо күнү сокку урбай турууну “ойлонууга даяр” экенин айткан.
Шерине