Тажикстан премьер-министри Бишкекке иш сапар менен келди

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекте. 13.02.26

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода иш сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу 13-февралда кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Сапардын жүрүшүндө Расулзода кыргыз-тажик өкмөт аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Кеңештин жыйынында кандай маселелер каралары расмий кабарлана элек. Бирок анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлары белгилүү болду.

Былтыр март айында эки өлкөнүн президенттери ортодогу чек араны толук тактаган макулдашууга кол койгон. Чек ара такталган соң расмий Бишкек менен Дүйшөмбү өкмөт аралык кеңешинин ишмердигин жандантууну чечкен. Бул жолу дал ушул кеңештин алгачкы отурум өтүүдө.

Чек ара такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.

Чек ара такталган соң тосмолор ачылып, соода кайра жанданды. 2025-жылдын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү мурдагыга салыштырмалуу үч эсе өсүп, 33 миллион доллардан ашты.

Ал эми ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.

Дагы караңыз

Жапаров үн катты, Ташиев Бишкекке кайттыСадыр Жапаров Тургунбек уулунун отставкасы боюнча комментарий бердиПрезидент Жапаров Ташиевди кызматтан аларда өзүнө телефон чалганын айттыЖапаров УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери болсо чара көрүлөрүн айтты