Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Садыр Жапаров Тургунбек уулунун отставкасы боюнча комментарий берди

Садыр Жапаров жана Нурланбек Тургунбек уулу. Коллаж.
Садыр Жапаров жана Нурланбек Тургунбек уулу. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы акыркы саясий окуяларга байланыштуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Нурланбек Тургунбек уулунун Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетиши тууралуу суроого да жооп берди.

Мамлекет башчы президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча 75 адамдын кайрылуусуна кимдер катышкан, ага парламенттин депутаттарынын тиешеси бар-жогу тергелип жатканын билдирди.

Журналисттин “Жогорку Кеңештин төрагасы өз каалоосу менен кызматын тапшырып берди. Анын бул кадамы акыркы окуяларга, 75 адамдын катына кандайдыр бир байланышы барбы?” деген суроосуна мындайча жооп берди:

“Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетип, муну Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал менен байланыштырып, чечимди өз эрки менен кабыл алганын айткан.

Анын ордуна депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланды.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

Бул кайрылууга байланыштуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

Садыр Жапаров бул кайрылуунун арты менен айрым депутаттык топтор депутаттарды бөлүп-жарып баштаганын, ушундан улам Камчыбек Ташиевди кызматтан алганын айтты.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келди. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG