Орус аскерлери 12-февралга караган түнү Украинага баллистикалык ракета жана “Шахед” дрондору менен жапырт сокку урганы, өзгөчө Киев, Днепр жана Одесса облустары жабыркаганы кабарланды.
Жергиликтүү бийликтер жети киши жараат алганын, арасында бир ымыркай менен төрт жаштагы кыз бар экенин кабарлашты.
Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, бери дегенде бир турак жайга дүрмөт тийген, дагы эки жерде пилотсуз учактардын сыныктары кулап түштү, жарадар болгон эки кишини биринин абалы оор. Ал ошондой эле башкалаанын энергетикасына сокку урулганын, кээ бир жерлерде жылуулук берүү кайрадан үзгүлтүккө учураганын жазды. Бийликтин маалыматында, 2500дөн көп кабаттуу турак жай жылуулксуз калууда.
Днепр шаарындагы энергетикалык жайлар да бутага алынды. Ал жакта төрт кишинин жарадар болгонун жергиликтүү бийлик маалымдады. Бир айга толо элек ымыркайдын абалын дарыгерлер орто оор деп баалашууда.
Одессанын облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер турак жай, базар, супермаркет жана энерегтикалык инфраструктурага зыян келтирилгенин Телеграм-каналына жазды. 12-февралда эртең менен Одесса шаарынын 300 миңдей тургуну электр энергиясыз отурганы маалым болду.
Орус тарап түнкү соккуларга комментарий берген жок.
Кыштын келиши менен Орусия кошуна өлкөсүнүн энергетикасын тынымсыз аткылап келет. Ушу тапта Украинада адаттан тыш катуу суук болууда.
Шерине