Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

WhatsApp Орусия мессенжерди толугу менен бөгөттөөгө аракеттенгенин билдирди

Meta корпорациясына таандык WhatsApp мессенжеринин өкүлдөрү орус бийлиги сервистин өлкөдөгү ишин толугу менен блоктоп салууга аракеттенип жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, муну менен элди мамлекеттик, начар корголгон тиркемеге өтүүгө күчтөп жатышат.

Буга чейин компания Орусия Max мессенжерин сүрөп жатканын билдирген.

«100 миллиондон көп колдонуучуну обочодо калтырып, жеке маалыматты коопсуз алмашуу укугунан ажыратуу аракети артка кадам болуп эсептелет жана Орусиядагы адамдардын коопсуздугуна шек келтириши мүмкүн”, - деп айтылат WhatsApp'тын билдирүүсүндө.

Мессенжер кардарларды байланышсыз калтырбоо үчүн аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Шаршембинин кечинде Орусия Facebook жана Instagram социалдык тармактарын, Би-би-си, Deutsche Welle, «Свобода» радиосун, «Настоящее время» , Moscow Times жана башка ресурстардын сайттарын бөгөттөөнү күчөткөнү маалым болгон. Ал сайттар буга чейин эле блоктолгону менен бул ирет мамлекет башка механизм колдонду.

Анын алдыңкы күнү Роскомнадзор Telegram мессенжеринин иши мындан ары чектелерин эскерткен. Маалыматка караганда, ал платформа орус мыйзамдарын аткарбай жатат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков WhatsApp мессенжерин блоктоо чечимин компаниянын "орус мыйзамдарын сактабаганы" менен түшүндүрдү. Ал MAX тиркемесин “чет өлкөлүк мессенжерлерге жакшы атаандаш” деп атады.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Москва Meta компаниясын экстремисттик деп таанып, Facebook социалдык тармагына кирүү мүмкүн болбой калган. WhatsApp мессенжеринин иши былтыртан бери чектеле баштаган.

Маалыматка ылайык, WhatsApp'тын Орусиядагы бир айлык аудиториясы 97,5 миллион адамга, ал эми Telegram'дыкы болсо 90 миллиондон ашык. Бул Орусиянын калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт.


Шерине

XS
SM
MD
LG