The Atlantic басылмасы Зеленский "жасалма тынчтыкка караганда согушту эп көрөрүн" жазды

Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсү үчүн пайдасыз тынчтык келишимине макул болгондон көрө Орусияга каршы согушту улантууну артык көргөндөй. Бул тууралуу The Atlantic басылмасы жазды. Журналдын кабарчысы Саймон Шустер Зеленский менен маек курган.

"Зеленский мага элди күчтөп пайдасыз келишимди кабыл алууга көндүргөндөн көрө эч кандай келишим түзбөөнү туура көрөрүн айтты. Төрт жылдык тынымсыз согуштан кийин да Зеленский татыктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн керек болсо күрөштү улантууга даяр экенин билдирди. “Украина жеңилбейт” деп баса белгиледи ал", — деп айтылат The Atlantic журналындагы макалада.

Ошол эле учурда аты-жөнү аталбаган украин аткаминерлери ушул эле басылмага курган маегинде тынчтык келишимине жетишүү үчүн Украина Донецк облусунан аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болушу мүмкүн экенин кыйытышкан.

Бирок Зеленский өзү жана башка украин лидерлери буга чейин мындай мүмкүнчүлүктү ар дайым четке кагып келишкен.

Басылма белгилегендей, украин лидеринин айланасында тынчтыкка жетишүү үчүн убакытты өткөрүп жиберүү коркунучу тууралуу кооптонуу күчөп жатат.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, Вашингтон тынчтык келишимине ушул жазда эле жетишүүнү талап кылууда.

Эгер андай болбосо Дональд Трамп ортомчу ролунан баш тартып, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашы үчүн тараптардын бирин же экөөнү тең күнөөлөшү мүмкүн деп айтылууда.

АКШ администрациясы мындай маалыматтарды ырастаган жок, алар сүйлөшүүлөрдө "илгерилөө" бар экенин билдирип, ошол эле учурда чечиле элек маселелер да бардыгын моюнга алышты.

Зеленский The Atlantic басылмасына курган маегинде "Менимче, Трамп үчүн Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуудан чоң жеңиш жок", — деп айткан.

Анын сөзүнө караганда, Трампты АКШдагы быйыл күздө өтө турган шайлоолорго чейин согушту аяктоо мүмкүнчүлүгү шыктандырат.

Ошол эле учурда, Шустер жазгандай, украин лидери маегинде көп жылдан бери анын мүнөзүнүн негизги өзгөчөлүгү болуп келген сапатын кайрадан көрсөттү. Бул – тышкы басымга каршы туруу.

13-февралда Politico басылмасы АКШ тынчтык келишимин мүмкүн болушунча тезирээк түзүүгө умтулуп жатканын жазды. Басылманын маалыматына караганда, АКШ тынчтык келишими түзүлмөйүнчө мындай коопсуздук кепилдиктерди берүүгө даяр эмес. Москва болсо, өз кезегинде, украин аскерлерин Донецк облусунан толук чыгарып кетүүнү талап кылууда, мындан тышкары дагы башка талаптары бар.

Дагы караңыз

Казакстанда бир заводдун ондогон жумушчусу кыскартууга кабылды Суусамырдагы кар көчкү: издөө иштери 14-февралда да уланатПрезидент баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын жакындарын кабыл алды