Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагындагы көчкү алдында калган малчыны издөө иштери кеч киргенине байланыштуу 14-февралда уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Куткаруучулар издөө иштеринин биринчи күнүндө он баш койдун тарпын табышкан. Алар көчкү түшкөн жерден беш чакырым ыраактагы малчылардын үйүндө түнөп, эртең издөөнү улантат.
12-февралда 59 жаштагы Д.А. аттуу малчыны 50 баш кою жана бир аты менен көчкү басып калганы боюнча маалымат түшкөн. 13-февралда түнү 24 куткаруучу кырсык болгон жерге жөнөп кеткен.
ӨКМ 11-13-февраль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен.
Министрлик калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.
Шерине