Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кызматтан алынып, анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды. Алмасбек Абытов “Азаттыкка” ден соолугуна байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирди. Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу “Ынтымак ордо” азырынча комментарий бере элек.
59 жаштагы Алмасбек Абытов 2019-жылдан бери өкмөттүн, кийин президент менен аткаруу бийлигинин парламенттеги өкүлү болуп иштеп келаткан.
Ал эми 61 жаштагы Бектур Зулпиев мамлекеттик кызматка 1997-жылы келип, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) укуктук бөлүмүн башкарган. 2005-жылдагы Март ыңкылабынан соң президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин командасынын белдүү мүчөсүнө айланып, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына чейин Ак үйдө иштеген.
Бектур Зулпиев 2007-жылдагы конституциялык реформага активдүү катышкан. Ал учурда реформаны талап кылган оппозициянын бир нече жолку митингдерине карабай, Бакиевдин супер-президенттик бийлигин бекемдеген Баш мыйзам кабыл алынган.
Бектур Зулпиевдин аты 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин кабыл алынган толук президенттик башкарууга өткөн Конституцияга байланыштуу да аталган. 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган. (BTo)
Шерине