Президент Садыр Жапаров 13-февралда Бишкекке иш сапар менен келген Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды. Президенттин администрациясы билдиргендей, Жапаров жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө маани берилерин айтты.
“Мындан тышкары, президент терроризм, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу трансчекара коркунучтарга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын баса белгиледи”, - деп жазылган маалыматта.
Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында Дүйшөмбү шаарында Баңгизаттарга каршы күрөшүү борборун жана Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү колдой турганын белгиледи.
Тажикстандын өкмөт башчысы Кыргызстандагы оң өзгөрүүлөрдү байкап жатканын жана экономикалык көрсөткүчтөр аймак боюнча алдыга чыкканын айтты.
Мунун алдында Расулзода менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жолугушуусу өттү. Анда эки мамлекет ортосундагы чек ара маселесинин толук чечилиши эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө негиз экени белгиленди.
Адылбек Касымалиев өткөн жылы Кыргызстандын Тажикстан менен товар жүгүртүүсү 36 млн долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 эсе көбөйгөнүн кошумчалады. Министрлер кабинетинин төрагасы эки мамлекеттин башчылары товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө толук даяр экенин билдирди.
Ал кыргыз-тажик өкмөт аралык кеңешинин биринчи жыйынынын ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелеринде маанилүү экендигин белгиледи.
Былтыр март айында эки өлкөнүн президенттери ортодогу чек араны толук тактаган макулдашууга кол койгон. Чек ара такталган соң расмий Бишкек менен Дүйшөмбү өкмөт аралык кеңешинин ишмердигин жандантууну чечкен. Бул жолу дал ушул кеңештин алгачкы отурум өтүүдө.
Чек ара такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.
Чек ара такталган соң тосмолор ачылып, соода кайра жанданды. 2025-жылдын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү мурдагыга салыштырмалуу үч эсе өсүп, 33 миллион доллардан ашты.
Ал эми ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.
Шерине