БШК №13 округ боюнча чечимин өзгөртүп, Мамытов, Алтынбеков жана Карабекованы жеңүүчү деп тапты

Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча №13 округдун жыйынтыгы жокко чыгарылган чечимге байланыштуу арыздарды карады. Ушул округ боюнча үч талапкер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова БШКга кайрылып, ошол чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн.

Алар №13 округдагы добуш берүүнү жокко чыгарууга талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын добушканаларга телефон орноткону негиз болгонун, башка талапкерлердин эч кандай мыйзамсыз аракети катталбаганын жүйө келтиришкен.

Комиссиянын жумуш тобу 30-ноябрда №13 округда өткөн добуш берүүнү өттү деп таап, жогорудагы үч талапкерди жеңүүчү деп таанууну сунуштады.

Отурумда Ички иштер министрлигинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы Аллаберди Мавлянов кылмыш иши боюнча маалымат берип, тергөөдө добушканаларга телефондорду орнотууда талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын мыйзамсыз аракети тастыкталганын белгиледи. Бул боюнча эки жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси (“Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын билдирди.

Ал ошондой эле бул округдан шайлоого катышкан калган 13 талапкерге эч кандай кылмыш иши козголбогонун тактады.

Отурумга талапкер Талант Мамытов да катышып, шайлоодо мыйзам бузууга барбаганын, бул өнөктүктөгү адилеттүүлүккө ишенгенин билдирди.

“Ошол маалда тергөө органдары күнөөлүү адамдарды аныктап бере алган эмес. Биз бүгүнкүгө чейин күттүк. Ал учурда кылмыш иши жок эле, азыр укук коргоо органдары так маалымат берип жатат. Баш мыйзамда бир адамдын күнөөсү үчүн башкалар жооп бербеши керектиги жазылган”, - деди Мамытов.

Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү 13-округда 30-ноябрдагы шайлоо өткөнүн таанып, талапкерлер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп тапты.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. Мындан соң кайра шайлоо жарыяланып, добуш берүү 1-мартка белгиленген. Ал үчүн 25 талапкер каттоодон өтүп, учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эми бул өнөктүк жокко чыгарын билдиришүүдө.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштап, ушул тапта парламентте 87 депутат бар.

Дагы караңыз

Казакстанда бир заводдун ондогон жумушчусу кыскартууга кабылды Суусамырдагы кар көчкү: издөө иштери 14-февралда да уланатПрезидент баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын жакындарын кабыл алдыБишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди