Европада "Нильс" бороону үч адамдын өмүрүн алды

Бороондон кийинки суу ташкын. Архивдеги сүрөт.

Европаны каптаган "Нильс" бороонунан улам кеминде үч адам каза болду. Бул тууралуу AFP агенттиги 13-февралда кабарлады.

Франциянын түштүк-батышында бороон маалында бир адамдын өмүрү кыйылганын өкмөттүн өкүлү Мод Брежон TF1 радиосуна билдирди.

Испанияда 46 жаштагы аял кампасынын чатыры кулап мерт болгон.

Мындан бир күн мурда Францияда жүрүп бараткан жүк ташуучу автоунаага бак кулап, айдоочусу ошол жерден мүрт кеткен.

Франция менен Испанияда бороондун кесепетинен дагы беш адам оор жаракат алды. Дагы ондогон адамдар жеңил жаракат алышкан. 13-февралдагы эртең мененки маалыматка ылайык, Франциянын түштүгүндө болжол менен 450 миң үй-бүлө электр жарыксыз калган. Бул мурунку күнгө салыштырмалуу эки эсе аз.

Бир катар райондордо суу ташкыны уланууда, ошондой эле Франциянын Альп тоолорунда кар көчкү коркунучу бар. Өлкөнүн түштүгүндөгү Сет порт шаарында салмагы 550 тонна болгон кран жүк ташуучу кеменин үстүнө кулап түшкөн.

Франциянын метеорологиялык кызматы Météo France билдиргендей, 25 аймакта аба ырайы боюнча кооптуулуктун кызгылт сары же кызыл деңгээли сакталууда.

Кызматтын маалыматына ылайык, бороон 12-февралга караган түнү Франциянын батыш жээгинде башталып, азыр Европанын чыгыш тарабына жылып бара жатат.

Дагы караңыз

Казакстанда бир заводдун ондогон жумушчусу кыскартууга кабылды Суусамырдагы кар көчкү: издөө иштери 14-февралда да уланатПрезидент баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын жакындарын кабыл алды