"Алар согушта окко учкан". Украин атлети маркум спортчуларды эскерди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Донбасстагы Краматорск шаары бейшембинин кечинде аткыланганда 4 киши каза тапты, алардын үчөө ага-инилер. Орусия Украинанын энергетикасына соккуларын улантып, Одессада порт инфраструктурасы жабыркады. Украинадагы согуштун жаңырыгы Милан-Кортинадагы кышкы Олимпиадага чейин жетти. Украиналык спортчунун урушта өмүрү кыйылган атлеттердин сүрөтү тартылган шлемди кийбөө көрсөтмөсүн аткарбай, жарыштан четтетилиши талаш-тартыш жаратты.