Жапаров Ташиевди эмне үчүн кызматтан алганын айтты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

13-февралда президент Садыр Жапаров интервью берип, Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасынан алуу чечимин түшүндүрдү. Ал парламенттин ичинде жана сыртында экөөнү бөлүүгө жасаган аракеттер болгонун, иштен алуу менен ал Ташиевдин өзүн сактап калганын, мындан алардын достугуна шек кетпей турганын билдирди. Келерки президенттик шайлоодогу аны менен ыктымал атаандаштык жөнүндө да үн катып, каалаган адам саясий жарышка түшө аларын билдирди. Президенттик шайлоого байланыштуу 75 адамдын кайрылуусунан кийин Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, Жогорку Кеңештин төрагасы алмашты. Германияда дарыланып жүргөн Ташиев бул чечим күтүүсүз болгонун айтып, Кыргызстанга ушул таңда кайтып келди.