Шашылыш билдирүү: Тоолордо кар көчкү жүрөт

Бишкек-Ош жолунда көчкүнү атайылап түшүрүү учуру. (архив)

14-февралдан 16-февралга чейинки күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Өтмөк ашуусунда, Чапчыма, Долон, Көк-Арт жана Чоң-Ашуу ашууларында жана башка тоолуу жолдордо кар көчкү жүрөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

15-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндуз 13…18

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 1…6

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 13…15° жылуу болот.

Дагы караңыз

Казакстандык фигурист Михаил Шайдоров Олимп чемпиону болдуКыргызстанда эл аралык Китеп белек кылуу күнү белгиленип жататУКМК мыйзамсыз ишмердикке жана сүткорлукка шектелген ломбард жабылганын билдирдиӨКМ: Кыргызстанда элүү жылда мөңгүлөр 16% эриди