Украинанын мурдагы энергетика министри өлкөдөн чыгып бараткан жеринен кармалды

Герман Галущенко.

Украинанын “Энергоатом” ишканасындагы коррупциялык ызы-чуудан кийин кызматтан кеткен мурдагы энергетика министри Герман Галущенко 15-февралда чек арадан өтүп жатканда кармалды.

Бул тууралуу алгач украиналык басылмалар жазып, кийин Коррупцияга каршы улуттук бюро ырастады.

Мекеме мурдагы жетекчи энергетикадагы коррупция боюнча “Мидас” ишинин алкагында кармалганын кошумчалап, башка жагдайларды ачык айткан эмес.

“Украинская правда” жазгандай, Галущенкону поездге отурган жеринен кармашкан. Чек ара кызматкерлеринен Коррупцияга каршы улуттук бюродон жана Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратурадан Галущенко өлкөдөн чыгууга аракет кылса, маалымат беришин сураган болушу мүмкүн.

Былтыр 10-ноябрда Коррупцияга каршы улуттук бюро “Энергоатомдогу” кылмыштуу аракеттерди ачыкка чыгарган. Тергөөнүн маалыматы боюнча схеманын катышуучулары мамлекеттик компаниянын камсыздоочуларынан жана подрядчиктеринен келишимдеги сумманын 10-15% "сый акы" талап кылышкан. Алар талапты аткаруудан баш тарткандарды мурда берилген товарлар жана кызмат акысын төлөбөй, камсыздоочу макамынан ажыратуу менен коркутушкан. Тергөөдө схеманын катышуучулары "Энергоатомдун" энергетикалык объектилерин Орусиянын соккуларынан коргоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды адалдаштырышканы аныкталган.

Кийинки күнү бюро “Энергоатом” иши боюнча беш киши кармалганын, алардын арасында жогорку кызматты ээлеп турган жетекчилер да бар экенин билдирген. Тергөөчүлөр бул схеманын уюштуруучусу катары президент Владимир Зеленскийдин бизнес өнөктөшү жана “95 квартал” долбоорунун кош негиздөөчүсү Тимур Миндичти айтышкан. Миндич өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөндүктөн кармалган эмес. Кийинчерээк журналисттер анын Израилде экенин аныкташкан. Схема ашкереленгенден кийин Зеленский ага карата санкцияларды киргизген.

Бул иштин алкагында Украинанын мурдагы вице-премьер-министри Алексей Чернышев эки айга камалып, мурдагы коргоо министри Рустем Умеров суракка алынган. Ал эми Украина президентинин кеңсесинин мурдагы башчысы Андрей Ермактын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Бул окуялардан көп өтпөй Ермак кызматтан кеткен.

Дагы караңыз

Кытайдын ТИМи: Европа Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катышуусу керекУКМКнын Бишкек башкармалыгын мурдагы башчысы Жакыпбековдун кармалганы кабарлануудаКазакстан Ысык-Көлдөгү жер тилкелерин ижарага алуу келишимин 49 жылга узарттыКышкы Олимпиада: кыргызстандык Шакиров тоо лыжасынан 62-орунду алды