Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Кытайдын ТИМи: Европа Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катышуусу керек

Андрей Сибига менен Ван И
Андрей Сибига менен Ван И

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 14-февралда Мүнхенде өткөн коопсуздук боюнча жыйында сүйлөп жатып Украиндагы согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөргө Европа дагы катышуусу керектигин айтты.

Ал буга чейин бир катар лидерлер, анын ичинде Франциянын президенти Эммануэл Макрон көтөргөн Евробиримдиктин мамлекеттери менен Орусиянын түз диалогун жандантууну жактай турганын ырастады.

“Жаңжал дал ушул жерде, Европада тутангандыктан, Европа тиешелүү убакта сүйлөшүүлөргө катышууга толук укуктуу”, - деп билдирди Ван И. “Европа менюда эмес, дасторкон үстүндө (сүйлөшүү столунда) болушу керек”, - деди кытайлык өкүл.

Ал Европа согушту жөнгө салуу боюнча өзүнүн ойлорун жана планын көрсөтүшү керектигин белгиледи. Бирок ал Евробиримдиктин Орусияга жана Украинадагы согушка карата саясатына баа берүүдөн карманды.

Ван Инин пикиринде, учурда согушту токтууга мүмкүнчүлүк бар жана тараптар “бул мүмкүнчүлүктү колдонушу керек".

Ван Инин пикиринде, азыр согушту токтотуу үчүн мүмкүнчүлүктөр терезеси ачылып турат жана тараптар "ар тараптуу, туруктуу жана аткарылышы милдеттүү тынчтык келишимине жетишүү үчүн бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга тийиш".

Буга чейин Ван И менен Украинанын тышкы иштер министри Андей Сибига менен жолугушканы кабарланып, украиналык дипломат Кытай Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген. Буга чейин Киев Бээжиндин бейтараптуулугуна күмөн санап, Орусияга согушка керектүү материалдарды жеткирүүгө көмөктөшүп келгени айтылган.

Ишембиде Мүнхендеги конференцияда украин лидери Владимир Зеленский Кытай мурдагыдай эле Орусияга санкцияны кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деп айыптады.

АКШнын НАТОдогу элчиси Метю Уитакер Мүнхенде Кытай Орусиянын Украинадагы согушун токтото аларын, бирок аны ишке ашырбай келатканын билдирди. “Кытай Владимир Путинге чалып, согушту эртең бүтүрүп коё алат”, - деди АКШ өкүлү. Ал Бээжин кош максаттагы товарларды Орусияга жеткирүүнү жана орусиялык энергетика каражаттарын сатып алууну да токтото аларын кошумчалады.

Мүнхендеги конференция алкагында Ван И менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушту. Мамлекеттик департаменттен бул сүйлөшүү “оң маанайда жана конструктивдүү” болгонун кабарлашты. Сүйлөшүүдө Дональд Трамптын апрелде Бээжинге сапарына даярдык көрүү талкууланган.

Ван И өз сөзүндө АКШдагы айрым тараптар дагы эле "Кытайга кол салуу жана ага жалаа жабуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын" белгиледи. Ал Бээжин АКШ менен "прагматикалык" мамилелерге даяр экенин кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG