Президент Садыр Жапаровдун 14-февралдагы жарлыгы менен башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Малик Бектурганов дайындалды.
Садыр Жапаров ушул эле күнү дагы бир жарлыгы менен Залкарбек Акназаровду башкы прокурордун орун басары кызматына дайындады.(ZKo)
Дагы караңыз
Шерине