Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

Майыптыгы барларды караган ассистенттер камсыздандыруу полисин сатып алуудан бошотулду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды караган жеке ассистенттер 1-февралдан тартып камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алуудан бошотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматта жазылгандай, туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж балдарга, бала чагынан I топтогу майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүчү жеке ассистенттердин эмгек акысынын өлчөмү кайрадан каралып, 8 697 сом деп бекитилди.

Мындан тышкары, быйыл 1-марттан тартып жеке ассистенттер милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алышпайт. Мындан ары бул функция Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Мамлекеттик салык кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде ишке ашырылат.

Буга чейин майыптыгы бар адамдарды караган жеке ассистенттер ай сайын 1729 сом өлчөмүндө камсыздандыруу полиси үчүн акча төлөп келишкен. Бул акча кийинки айдын айлыгына кошулуп, ассистенттерге кайтарылып берилип турган.

2024-жылдын 1-июлуна чейин жеке ассистенттерден мамлекеттин эсебинен 600 сом өлчөмүндө салык да алынып турган.

"Жеке ассистент" кызматы 2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлөт. Башында мамлекет аларга 4900 сом төлөп берсе, 2022-жылы бул сумма 6268 сомгө көтөрүлгөн. 2024-жылдын 1-июлунан тартып көмөкчүлөргө ай сайын 7 681 сом төлөнүп келе жаткан.

Бүгүнкү күндө жеке ассистенттин кызматынан 15 миңге чукул адам пайдаланууда. Алардын ичинен 9,5 миңи майыптыгы бар балдар, 5,5 миңи бала чагынан бери 1-топтогу майыптыгы бар чоң адамдар.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG